пятница, 3 октября 2014 г.

БАШ СӨЗ


Бул китептин «Аллах акыл менен таанылат» деп аталышынын маанилүү бир себеби бар. Адамдардын көпчүлүгү Аллахка ишенем, Аллахты билем дешет. Бирок чындыгында Аллахты чындап таанып түшүнө алышпайт. Ал үчүн «акылдуу» болуш керек.
Бул жерде маанилүү бир жагдайды эске салуу керек: Аллахты түшүнүү, Аллахты чындап таануу үчүн акыл керек дегенде бул жерде «мээни» айтып жаткан жокпуз. Акыл менен мээ такыр башка башка эки түшүнүк. Мээ – бир адамдын биологиялык жөндөмү. Мээ көбөйбөйт да, азайбайт дагы. Акыл болсо ыймандууларга гана тиешелүү бир касиет. Аллахтан коркуп тартынган такыбалуу ыймандууларга Аллах Кабатынан чоң бир сый-жакшылык катары берилет. Акыл – Аллах чын ыкластуу кулдарына берген бир нур, бир түшүнүк. Жана адамдын такыбалыгына жараша бул түшүнүк, б.а. акыл деңгээли да жогорулайт.
Акылдуу адамдын эң негизги өзгөчөлүктөрү – бул Аллахтан коркуп тартынышы, дайыма абийирин угушу, ар бир окуяны, көргөндөрүнүн баарын Куран менен сүннөткө карап баалашы жана дайыма Аллахтын ыраазылыгын көздөшү.
Бир адам дүйнөнүн эң мээлүү, эң илимдүү, эң маданияттуу адамы болсо да, эгер мындай өзгөчөлүктөрү болбосо, «акылсыз» болот жана көп чындыктарды көрүп, түшүнө албайт.
Мээ менен акылдын арасындагы айырмага мындай мисал берүүгө болот: бир илимпоз дененин нерв системасы жөнүндө көп жылдар бою өтө терең изилдөөлөр жасаган болушу мүмкүн. Адам денесиндеги кереметтүү нерв байланыштары темасында дүйнөнүн эң илимдүү кишиси болушу да мүмкүн. Бирок эгер акылдуу эмес болсо, ал киши болгону нерв клеткалары арасындагы процесстер жөнүндө маалыматтарды билген бир адам болот. Б.а. ал билген маалыматтарынын артындагы маанилүү чындыкты түшүнө албайт. Ал эми акылдуу бир адам болсо нерв системасындагы кереметтүү өзгөчөлүктөрдү, кемчиликсиз майда-бараттарды көрүп, мынчалык укмуштуу бир түзүлүштүн сөзсүз бир улуу акылдуу Жаратуучусу болушу керек экенин түшүнөт. Мындай дейт «нерв системасын мынчалык кемчиликсиз жараткан күч – албетте, бүт жандыктардын Жаратуучусу Аллах. Жана өлүмдөн кийин акырет мекенин жаратууга да кудуреттүү.»
Бул китептеги маалыматтар Аллахтын бар экендигине акыл менен күбө болуу үчүн жазылган. Кээ бир адамдар Аллахтын бар экенине ишенишпейт, кээ бирлери болсо Аллахтын бар экенине ишенем дешет, бирок Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышпайт. Ойлонбогону жана акылын колдонбогону үчүн Аллахка анык бир илим менен ишенүүнүн талаптарын орундатышпайт. Ал эми акылдуу ыймандуулар болсо Аллахтын бар экенин жана жаратуу далилдерин акылдары менен көрүшүп, чексиз кудуреттүү Аллахтан ичи титиреп коркушат.
Аллах Куранда жаратуу далилдерин белгилеген соң буларда акылдуулар үчүн далилдер бар деп билдирет:

Силерге бир коркуу жана үмүт катары чагылганды көрсөтүшү жана асмандан суу түшүрүп өлүмүнөн соң жерди аны менен тирилтиши да Анын аяттарынан. Күмөнсүз мында акылын колдоно алган бир коом үчүн чындыгында аяттар (далилдер) бар. (Рум Сүрөсү, 24)

АКЫЛДУУ ДОЛБООР, Б.А. ЖАРАТУУ

Аллах жаратуу үчүн план түзүүгө муктаж эмес

Китепте колдонулган «долбоор, план» сөзүн туура түшүнүү өтө маанилүү. Аллахтын кемчиликсиз бир долбоор жаратканы Раббибиз алгач план түзүп, анан жараткан деген мааниге келбейт. Асмандардын жана жердин Раббиси Аллахтын жаратуу үчүн эч кандай «долбоор, план» түзүүгө муктаж эмес экенин билүү керек. Аллахтын долбоорлошу менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден аруу, таза.
Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун кааласа, ал үчүн «Бол!» деп коюшу гана жетиштүү болот. Аяттарда мындай деп айтылат:

Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. (Йасин Сүрөсү, 82)


Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)

КИРИШ СӨЗ


Отурган жериңизден айланаңызды бир караңыз. Отурган бөлмөңүздөгү бүт нерсенин «жасалганын» көрөсүз. Дубалдар, төшөктөр, шып, отургуч, колуңуздагы китеп, столдун үстүндө турган чыны, санап бүткүс бардык буюмдар... Бирөөсү да өзүнөн-өзү пайда болуп бөлмөңүзгө келип калган жок. Эң жөнөкөй көрүнгөн бир килем чачысын да бирөө эмгектенип жасаган; ал чачы ал жерге өз чечими менен, кокустан келип жайгашып калган эмес.
Колуна бир китеп алган бир адам да анын бирөө тарабынан белгилүү максатта жазылганын билет. Эч качан бул китеп кокустан пайда болуп калган деген ойго келбейт. Ошол сыяктуу, бир айкелди көргөн адам анын бир чебер тарабынан жасалганынан эч күмөн санабайт. Сансыз искусство чыгармаларын өзүнөн-өзү пайда болгон деп ойлоо мындай турсун, үстү-үстүнө тизилген эки-үч кирпичтин да сөзсүз бирөөнүн белгилүү бир максатта алып келип койгонун эч ким тана албайт. Ошондуктан чоң же кичине болсун, белгилүү бир тартип бар жерде сөзсүз аны курган жана сактаган бирөө болушу керек. Бир күнү бирөө чыгып чийки темир менен көмүр кокустан болотту жасап, болот болсо кокустан Эйфель мунарасын куруп койгон десе, ал кишинин жана ага ишенгендердин акылы жайындабы деген күмөн туулбайбы?
Аллахты жокко чыгаруунун бирден-бир ыкмасы болгон эволюция теориясынын көз-карашы да мына ушундай. Эволюция теориясы боюнча, органикалык эмес молекулалар кокустан аминокислоталарды, аминокислоталар кокустан белокторду, белоктор болсо кокустан жандыктарды пайда кылган. Бирок жашоонун кокустан өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы Эйфель мунарасынын кокустан пайда болуп калышынан өтө аз бир ыктымалдыкка ээ. Себеби эң жөнөкөй бир клетка дагы адам жасаган кандайдыр бир нерседен алда канча комплекстүү.
Табияттагы кереметтүү гармония куралсыз көз менен да апачык көрүнүп турганда, бул тең салмактуулукту кокустан же өзүнөн-өзү пайда болгон деп кантип ойлогонго болот? Ар бир чекити Жаратуучунун бар экенин далилдеген ааламды өзүнөн-өзү пайда болгон деп айтуу логикасыздыктын жеткен чеги болот.
Денебизден баштап учу-кыйырсыз ааламдын эң четтерине чейин орун алган тең салмактуулуктун да бир ээси болушу керек. Бул нерселердин баарын өтө кылдат пландап пайда кылган Жаратуучу ким болду экен?
Ал ааламдын ичиндеги кандайдыр бир заттык нерсе болушу мүмкүн эмес. Себеби Ал бүт ааламдан мурда бар болгон жана бүт ааламды кийинчерээк жараткан бир эрк болушу керек. Бүт нерсе Ал себептүү бар болгон, жана Өзүнүн заты болсо түбөлүктүү, башы-аягы болбогон Улуу Жараткан...
Бар экенин акылыбыз аркылуу тапкан Жаратканды бизге дин тааныштырат. Ал бизге дин аркылуу билдиргендей, Ал – асмандарды жана жерди жоктон жараткан, Рахман жана Рахим Аллах.
Көп адамдар болсо бул акыйкаттан кабарсыз жашашат. Бирок колдорунда бул акыйкатты түшүнүү мүмкүнчүлүктөрү бар. Бир пейзаждын сүрөтүн көргөндө, эң алгач аны ким тартканын сурашат. Андан соң сүрөтчүнү ал эмгегинен улам өтө макташат. Бирок бүт тарапта ал сүрөттүн сансыз чыныгы көрүнүштөрүн көрүп турушуп, бүт бул сулуулуктардын жалгыз ээси Аллахты унутушат. Анын бар экенин түшүнүү үчүн көп изилдөө деле талап кылынбайт. Адам төрөлгөндөн баштап бир бөлмөдөн чыкпай жашаса, ал бөлмөдөгү сансыз далилдер да Аллахтын бар экенин түшүнүүгө жетет.
Адамдын денеси канчалаган том энциклопедияга да батпай турганчалык көп санда жаратуу далилдерине толо. Абийирин колдонуп бир канча мүнөткө ойлонуу дагы Аллахтын бар экенин түшүнүүгө жетет. Ааламдагы тартип Аллах тарабынан сакталып, Аллах тарабынан улантылууда.
Ой жүгүртүү керек болгон нерсе бир эле адам денеси эмес. Дүйнөдөгү ар бир миллиметр квадратта адам көргөн же көрө албаган бир жашоо өкүм сүрүүдө. Бир клеткалуу организмдерден өсүмдүктөргө, курт-кумурскалардан жаныбарларга, канаттуулардан сойлоочуларга чейин бүт жандыктар дүйнө жүзүн толук каптап турат. Колуңузга бир ууч топурак алып изилдегенде, ичинде ар кандай өзгөчөлүктөгү ар түрдүү жандыктар бар экенин көрө аласыз. Бул дем алып жаткан абаңызга да тиешелүү. Ал тургай, териңиздин бетинде балким сиз атын да эч укпаган жандыктар жашап жатышат. Бүт жандыктардын ичегилеринде тамак сиңирүүгө көмөк көрсөткөн миллиондогон бактерия же бир клеткалуу жандыктар жашайт. Ошондой эле, дүйнөдөгү жаныбарлардын саны адамдардын санынан канча эсе көп. Ага өсүмдүктөр дүйнөсүн да кошсок, дүйнөдө жашоосуз бош жер жок экенин түшүнөбүз. Миллиондогон километр квадраттык аймакты ээлеген бул жандыктардын ар биринин өзүнө тиешелүү дене системалары, жашоосу, жер жүзүндөгү тең салмактуулукка салымы сыяктуу сансыз өзгөчөлүктөрү бар. Булардын баарын себепсиз, максатсыз жана кокустан пайда болгон деп айтуу болсо акылсыздык, тантырактык гана болот. Себеби эч бир жандык өз чечими менен жана өз аракети менен жер жүзүнө келген эмес. Жана кокустук эч нерсени пайда кыла албайт.
Аллахтын бар экени жана улуулугу ааламдагы сансыз далилдерден көрүнүп турат. Негизи бул апачык чындыкты жүрөгүнөн кабыл албаган бир дагы адам жок. Бирок Куранда айтылгандай, адамдардын көпчүлүгү «абийирлери (жүрөктөрү) кабыл алганына карабастан, зулумдук жана текебердик себебинен» (Немл Сүрөсү, 14) муну четке кагышат.
Бул китеп ушундай кишилердин кызыкчылыгыма туура келбейт деп ойлоп жүз бурган акыйкатты көрсөтүү жана алардын негизсиз көз-караштарын, акылсыз логикаларын көз алдыга тартуулоо үчүн жазылган. Бир канча ар кандай теманын каралышынын себеби ушунда.
Бул эмгекти окугандар Аллахтын бар экендигинин талашсыз далилдерин дагы бир жолу көрүп, күбө болушат;
Аллах бүт тарапты ороп курчап турат жана «акыл» муну билет.

Бүт тарапта өкүмчүлүк кылган бул тартипти жараткан да, аны дайыма сактап турган да Аллах.

ЖОКТОН БАР БОЛУУ


Биз ичинде турган учу-кыйырсыз ааламдын кантип пайда болгону, кайда баратканы, ичиндеги тартип менен тең салмактуулукту сактаган мыйзамдардын кантип иштээри бүт доорлордо адамдарды кызыктырып келген. Илимпоздор, ойчулдар кылымдар бою бул темада сансыз изилдөөлөрдү жасап, көптөгөн теорияларды чыгарышкан.
20-кылымдын баштарына чейин ааламдын көлөмү чексиз, чексиз мурдатан бери бар жана түбөлүккө тура берет деген көз-караш өкүмчүлүк кылып келди. «Статикалык аалам модели» деп аталган бул жаңылыш көз-караш боюнча, ааламдын башталышы да, аягы да жок эле.
Материалисттик философиянын да негизин түзгөн бул жаңылыштык ааламды туруктуу, стационардуу жана өзгөрүлгүс бир заттар жыйындысы деп кабыл алып, Аллахтын бар экенин акылсыздык менен четке каккан.
Материализм – «затты абсолюттук нерсе» деп санаган, «заттан башка эч нерсе жок» деген жалган бир көз-караш системасы. Тарыхы байыркы Грецияга чейин созулган, бирок өзгөчө 19-кылымда кеңири тараган бул көз-караш системасы Карл Маркстын диалектикалык материализми менен атагы чыккан.
19-кылымдагы туруктуу (статикалык) аалам модели, жогоруда айтылгандай, материалисттик философияга пайдубал болгон эле. Материалист философ Жорж Политцер бул илимге туура келбеген аалам моделине таянып «Философиянын баштапкы принциптери» аттуу китебинде «аалам жаратылган эмес» деген жаңылыш пикирди айтып, мындай деген:
Аалам жаратылган бир нерсе эмес. Эгер жаратылган болгондо, анда аалам Теңир тарабынан белгилүү бир учурда жаратылып, аалам жоктон пайда болгон болушу керек эле. Жаратууну кабыл алуу үчүн эң биринчиден аалам жок болгон бир учурдун бар экенин, анан жоктуктан бир нерсенин пайда болгонун кабыл алуу керек. Бул болсо илим кабыл албай турган нерсе.1
Политцер аалам жоктон пайда болгон эмес деген көз-карашты айтканда, 19-кылымдын статикалык аалам моделине таянган жана ошондуктан илимий көз-карашты айтып жатам деп ойлогон. Бирок 20-кылымда өнүккөн илим менен технология материалисттерге пайдубал болгон статикалык аалам модели сыяктуу примитивдүү түшүнүктөрдү тамырынан кыйраткан. Биз жашап жаткан 21-кылымда ааламдын бир башталышынын бар экени, жоктон чоң бир жарылуу менен бир кезде жаратылганы заманбап физика тарабынан көптөгөн эксперимент, байкоо жана эсептөөлөр менен далилденди.
Мындан тышкары, ааламдын материалисттер айткандай туруктуу жана стационардуу эмес экени, тескерисинче тынымсыз кыймылдап, өзгөрүп тураары, кеңейип баратканы аныкталды. Учурда бул чындыктарды бүт илим дүйнөсү кабыл алууда.
Ааламдын бир башталышынын болушу аалам жоктон бар кылынган, б.а. жаратылган деген мааниге келет. Эгер (мурда жок туруп...) жаратылган бир нерсе бар болсо, анын сөзсүз бир Жаратуучусунун да болушу керек экенин оңой эле түшүнөбүз. Жоктон пайда болуу адам акылына сыйбас бир нерсе. Ошондуктан жоктон бар кылуу (искусство эмгектери же технологиялык ачылыштар сыяктуу...) бир нерселерди бириктирип, жаңы бир нерселерди жасоодон такыр башка. Себеби жаратылган нерсенин эч өрнөгү жок кезде, ал тургай, жаратуу үчүн убакыт менен мейкиндик да жок кезде бир заматта, бир жолкуда кемчиликсиз пайда болушу – Аллахтын жаратуу далилдеринин бири.
Ааламдын жоктон пайда болушу анын жаратылгандыгынын эң чоң далили. Бул акыйкатты терең ойлонгондо, көп нерсе өзгөрөт. Адамдардын жашоонун маанисин түшүнүшүнө жана ошого жараша көз-караштарын жана максаттарын аныкташына себеп болот. Ошондуктан, тарыхта кээ бир адамдар –далилдерин даана көрсө да- толук түшүнө албаган жаратуу акыйкатын көрмөксөн болушкан. Башка адамдардын да оюн чаташтыруу максатында бир катар альтернативдүү пайда болуу теорияларын ойлоп табышкан. Бирок илимий далилдер кыска убакытта бул көз-караштарды толук кыйратты.
Эми ааламдын кантип пайда болгону жөнүндөгү илимий ачылыштарды кыскача карайлы.

ААЛАМДЫН КЕҢЕЙИШИ

1929-жылы Калифорния Маунт-Вилсон обсерваториясында (байкоо үйүндө) америкалык астроном Эдвин Хаббл астрономия тарыхынын эң чоң ачылыштарынын бирин жасады. Хаббл ири телескобу менен асманды изилдеп жатып, жылдыздардын алыстыгына жараша кызыл түстү көздөй жылган бир нур чыгараарын аныктады. Бул ачылыш илим дүйнөсүндө чоң резонанс жаратты. Себеби белгилүү физика мыйзамы боюнча, байкоо жасалган чекитти көздөй кыймылдаган нурлардын спектри кызгылт-көк өңдү көздөй, байкоо жасалган чекиттен алыстаган нурлардын спектри болсо кызылды көздөй жылат. Хабблдын байкоолорунда болсо жылдыздардын нурларында кызылды көздөй жылуу байкалган. Б.а. жылдыздар бизден тынымсыз алыстап баратышкан эле.
Хаббл көп өтпөй дагы бир өтө маанилүү ачылыш жасады: жылдыздар менен галактикалар бизден эле эмес, бир-бирлеринен да алыстап баратышкан эле. Бүт баары бир-биринен алыстап бараткан бир аалам жөнүндө бир гана тыянак чыгарууга болот: аалам тынымсыз «кеңейип баратат».
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн ааламды үйлөп жаткан бир шардын бетине окшотууга болот. Шардын бетиндеги чекиттердин шар үйлөнгөн сайын бир-биринен алысташы сыяктуу, ааламдагы телолор да аалам кеңейген сайын бир-биринен алысташууда.
Негизи бул чындык мурда эле теориялык жактан ачылган эле. Кылымдын эң чоң илимпозу деп саналган Альберт Эйнштейн теориялык физика тармагында жасаган эсептөөлөрү менен «аалам туруктуу болушу мүмкүн эмес» деген тыянакка барган. Бирок ал доордо кеңири тараган статикалык аалам моделине карама-каршы келбеш үчүн бул ачылышын бир четке таштап койгон. Эйнштейн бул кылганын кийин «карьерамдын эң чоң катасы» деп атаган. Кийинчерээк Хабблдын байкоолору менен ааламдын кеңейип баратканы тастыкталды.
Ааламдын кеңейип бараткандыгынын ааламдын пайда болушу темасы менен кандай байланышы бар?
Аалам кеңейип бараткан болсо, демек убакыттан артты көздөй барсак ааламдын бир чекиттен башталганын көрөбүз. Жүргүзүлгөн эсептөөлөр ааламдын бүт затын ичине камтыган бул «бир чекиттин» «көлөмүнүн нөл» жана «тыгыздыгынын чексиз» болушу керектигин көрсөттү. Аалам көлөмү нөл болгон ошол чекиттин жарылышынан пайда болгон. Ааламдын башталышы болгон бул чоң жарылуу англисче мааниси менен «Big Bang» (Биг Бенг) деп аталды жана бул теория ошол ат менен эскериле баштады.
Бул жерде муну айта кетүү керек; негизи «көлөмү нөл» деген сөз мунун теориялык айтылышы. Илим адам акылына сыйбас «жоктук» түшүнүгүн «көлөмү нөл болгон чекит» деп гана сүрөттөй алууда. Чындыгында болсо «көлөмү нөл болгон бир чекит» «жоктук» деген мааниге келет. Аалам жоктуктан пайда болгон. Башкача айтканда, жаратылган.
Белгилүү болгондой, Биг Бенг теориясы башында ааламдагы бүт телолордун чогуу болгонун жана кийинчерээк бөлүнгөнүн көрсөткөн. Биг Бенг теориясы көрсөткөн бул чындык да мындан 14 кылым мурда адамдар аалам жөнүндө өтө аз нерсе билген кезде Куранда төмөнкүчө кабар берилген:

Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)? (Анбия Сүрөсү, 30)

Бул аяттарда да айтылгандай, бүт нерселер, ал тургай, али жаратыла элек «асмандар менен жер» дагы бир чекитте турганда чоң жарылуу менен жаратылган жана бир-биринен бөлүнүп ааламдын азыркы абалын пайда кылышкан.
Аятта айтылган маалыматты Биг Бенг теориясына салыштырганыбызда ага толук төп келээрин көрөбүз. Бирок Биг Бенг илимий теория катары 20-кылымда гана чыгарылган.
Ааламдын кеңейиши Чоң жарылуу теориясынын, б.а. ааламдын жоктон жаратылгандыгынын эң негизги далилдеринин бири. Аалам жаратылгандан бери уланып келген бул чындык заманбап илим тарабынан ушул кылымда гана ачылганы менен, Куран бул чындыкты да мындан 14 кылым мурда кабар берген:

Биз асманды «улуу бир күч менен» курдук жана албетте, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз. (Зарият Сүрөсү, 47)

BIG BANG КӨПТӨГӨН ДАЛИЛДЕР МЕНЕН ДАЛИЛДЕНДИ

Апачык көрүнүп тургандай, Чоң жарылуу теориясы ааламдын «жоктон жаратылганын», б.а. Аллах тарабынан жаратылганын көрсөткөн далил эле. Ошондуктан материалисттик философияны жактаган астрономдор Биг Бенгге (Чоң жарылууга) каршы чыгып, статикалык абал теориясын сактап калууга аракет кылышты. Мындай аракеттин себеби белгилүү материалист физиктерден А. С. Эддингтондун «философиялык жактан табият бир кезде башталган деген көз-караш мага жакпайт» деген сөзүнөн түшүнүктүү болгон.2
Чоң жарылуу теориясынан тынчсыздангандардын башында астроном Сэр Фред Хойл турган. Хойл кылымдын ортолорунда «туруктуу абал» (steady-state) деген ат менен, 19-кылымдагы статикалык аалам түшүнүгүнө окшош бир теория чыгарды. Туруктуу абал теориясы «аалам чен-өлчөм жана убакыт жагынан чексиз» деп жактаган. Бирден-бир максаты материалисттик философияга колдоо көрсөтүү болгон бул теория «ааламдын башталышы бар» экенин көрсөткөн «Чоң жарылуу» теориясына толук карама-каршы эле.
Туруктуу абал теориясын жактагандар көпкө чейин Чоң жарылууга тирешишти. Бирок илим алардын зыянына иштеди.
1948-жылы Георгий Гамов Чоң жарылуу жөнүндө жаңы бир көз-караш айтып чыкты. Анын пикири боюнча, аалам Чоң жарылуу менен пайда болгон болсо, ааламда ал жарылуудан калган бир радиация да болушу керек эле. Болгондо да бул радиация ааламдын бүт тарабында бирдей болушу зарыл эле.
«Болушу керек болгон» бул далил көп өтпөй табылды.

МААНИЛҮҮ БИР ДАЛИЛ: КОСМОСТУК ФОН РАДИАЦИЯСЫ

1965-жылы Арно Пензиас жана Роберт Уилсон аттуу эки изилдөөчү бул толкундарды кокустан таап алышты. «Космостук фон радиациясы» деп аталган бул радиация жергиликтүү эмес, ааламдын бүт тарабына тараган бир радиация эле. Ошентип көп убакыттан бери ааламдын бүт тарабынан бирдей өлчөмдө келген жылуулук толкунунун Чоң жарылуунун алгачкы доорлорунан калгандыгы аныкталды. Пензиас менен Уилсон бул ачылышы үчүн Нобель сыйлыгын алышты.
1989-жылга келгенде болсо Америка космосту изилдөө бөлүмү NASA Космостук фон радиациясын изилдөө үчүн космоско COBE спутнигин жөнөттү. Бул спутникке орнотулган өтө сезгич сканерлердин Пензиас менен Уилсондун өлчөөлөрүн тастыкташы сегиз мүнөткө гана созулду. COBE ааламдын башталышындагы чоң жарылуунун далилдерин тапкан эле.
Бүт доорлордун эң чоң астрономиялык ачылышы деп аталган бул ачылыш Чоң жарылуу (Big Bang) теориясынын апачык бир далили эле. COBE спутнигинин артынан космоско жөнөтүлгөн COBE 2 спутнигинин табылгалары да Чоң жарылууга таянып жасалган эсептөөлөрдү тастыктады.
Чоң жарылуунун дагы бир маанилүү далили болсо космостогу суутек жана гелий газдарынын көлөмү болду. Бүгүнкү күндө жасалган өлчөөлөр натыйжасында ааламдагы суутек-гелий газдарынын катышы Чоң жарылуудан калган суутек-гелий катышынын теориялык эсептөөлөрүнө туура келди. Эгер ааламдын бир башталышы болбогондо жана аалам түбөлүктөн бери бар болгондо, ичиндеги суутек толук күйүп бүтүп, гелийге айланып кеткен болоор эле.


Бүт мындай ачык далилдер Чоң жарылуу теориясынын илим дүйнөсүндө толук кабыл алынышына жол ачты. Чоң жарылуу модели илимдин ааламдын пайда болушу жана башталышы жөнүндө жеткен акыркы чеги эле.
Фред Хойл менен бирге көп жылдар бою туруктуу абал теориясын жактаган Деннис Сиама биринин артынан экинчиси келип, Чоң жарылууну далилдеген бүт бул далилдер алдында өздөрүнүн түшкөн абалын төмөнкүчө айтып берет:
Туруктуу абал теориясын жактагандар менен аны текшерген (тест кылган) жана менимче аны кыйратууну үмүт кылган байкоочулар арасында бир кездерде өтө күчтүү талаш бар эле. Ал кезде мен да ал талашка аралашканмын. Себеби чындык экенине ишенгеним үчүн эмес, чындык болушун каалаганым үчүн «туруктуу абал» теориясын жактагам. Теориянын жараксыздыгын көрсөткөн далилдер чыгып баштаганда Фред Хойл ал далилдерди тосуп алууда лидер ролун аткарды. Мен болсо анын жанында, бул душман далилдерге кантип жооп берүү жөнүндө ой жүгүрттүм. Бирок далилдер чогулганда эми оюндун бүткөнү жана туруктуу абал теориясын бир тарапка таштоо керек экени белгилүү болду.3
Калифорния университетинен профессор Джордж Абель болсо «бүгүнкү колдогу далилдер ааламдын миллиарддаган жыл мурда Чоң жарылуу (Big Bang) менен башталганын көрсөтүүдө. Чоң жарылуу теориясын кабыл алуудан башка чарабыз жок» дейт. Чоң жарылуунун бул жеңиши менен бирге материалисттик философиянын пайдубалы болгон «түбөлүктүү зат» түшүнүгү да тарыхка айланды. Андай болсо, Чоң жарылуудан мурда эмне бар эле жана «жок» ааламды бул чоң жарылуу менен «бар» кылган күч эмне эле? Албетте, бул суроо Артур Эддингтон айткан материалисттер үчүн философиялык жактан жакпаган чындыкты, Жаратуучунун бар экенин жана «ааламдын жаратылганын» көрсөтүүдө. Бир кездерде атеист болуп, бирок кийин Аллахтын бар экенине ишенгенин айткан философ Энтони Флю бул жөнүндө мындай дейт:
Моюнга алуу адам маанайына жакшы таасир берет дешет. Мен да бир нерсени моюнга аламын: Big Bang (Чоң жарылуу) модели бир атеистке абдан азап берет. Себеби илим диний булактар тарабынан жакталган бир көз-карашты далилдеди: ааламдын бир башталышы бар деген көз-карашты. Ааламдын бир аягынын жана башталышынын жок экенин кабыл алганда гана ааламдын азыркы турушун абсолюттук бир жооп катары жактай алабыз. Мен дагы эле ушул жоопко ишенем, бирок муну Чоң жарылууга каршы жактоонун оңой эмес экенин моюнга алышым керек.4
Өзүнө сөзсүз атеист болуу шартын коюп албаган көп илимпоздор болсо ааламдын жаратылуусунда чексиз кудуреттүү бир Жаратуучунун бар экенин кабыл алышууда. Ал Жаратуучу затты да, убакытты да жараткан, б.а. экөөсүнөн тең көз-карандысыз бир Зат болушу керек. Белгилүү америкалык астрофизик Хью Росс муну мындайча түшүндүрөт:
Эгер убакыт менен зат жарылуу менен пайда болгон болсо, анда ааламды пайда кылган себеп ааламдагы убакыт менен мейкиндиктен толук көз-карандысыз болушу керек. Бул бизге Жаратуучунун ааламдагы бүт чен-өлчөмдөрдөн жогору экенин көрсөтөт. Ошондой эле, Жаратуучунун кээ бирлер айткандай ааламдын өзү эмес экенин жана ааламды курчап тураарын, ааламдын ичиндеги эле бир күч эместигин далилдейт.5
Зат менен убакыт бүт бул түшүнүктөрдөн көз-карандысыз, чексиз кудуреттүү бир Жаратуучу тарабынан жаратылган. Ал Жаратуучу – асмандардын жана жердин Рабби Аллах.

КОСМОСТОГУ ӨТӨ ТАК ТЕҢ САЛМАКТУУЛУКТАР

Чындыгында Чоң жарылуунун материалисттерге берген кыйноосу Энтони Флюнун жогорудагы моюнга алуусунун алда канча чоң. Себеби Чоң жарылуу ааламдын жоктон жаратылганын эле эмес, ошол эле учурда өтө пландуу, тартиптүү жана контрольдуу жаратылганын да көрсөтүүдө.
Чоң жарылуу ааламдын бүт заты менен энергиясын өзүнө камтыган чекиттин жарылышы жана чоң бир ылдамдык менен космоско жайылышы натыйжасында ишке ашкан. Укмуш бир ылдамдыкта бүт тарапка тараган заттан галактикалар, жылдыздар, күн, жер жана бүт асман телолорун камтыган улуу бир тең салмактуулук келип чыккан. Болгондо да, адамдар «физика мыйзамдары» деп атаган, ааламдын бүт тарабында бирдей болгон, өзгөрбөгөн мыйзамдар келип чыккан. Булардын баары Чоң жарылуудан соң улуу бир тартиптин келип чыкканын көрсөтөт.
Бирок жарылуулар тартипке алып келбейт. Биз билген бүт жарылуулар бар болгон тартипти бузуп, талкалап, жок кылышат. Мисалы, атом жана суутек бомбаларынын жарылышы, метан газынын жарылышы, вулкандык жарылуулар, табигый газдын жарылуусу, күндөгү жарылуулар... Кандай гана жарылуу болбосун, ал дайыма кыйратуучу таасир жаратат.
Эгер бир жарылуудан соң өтө пландуу бир тартип келип чыкса, мисалы жердин астындагы бир жарылуу укмуш сонун искусство чыгармаларын, чоң сарайларды, кооз имараттарды пайда кылса, анда ал жарылуунун артында бир Акыл бар, жарылуу натыйжасында тараган бүт бөлүкчөлөр чындыгында өтө контрольдуу кыймылдаган деген тыянакка барабыз.
Чоң жарылуу теориясына көп жылдар бою каршы чыккан соң катасын кабыл алган Сэр Фред Хойлдун сөздөрү муну сонун түшүндүрөт:
Чоң жарылуу (Big Bang) теориясы аалам бир чоң жарылуу менен башталган деп кабыл алат. Бирок биз билген жарылуулар затты чачыратып, тартибин бузат. Ал эми Чоң жарылуу болсо өтө табышмактуу абалда тескери бир таасир жараткан: затты бир-бири менен бириге турган жана галактикаларды пайда кыла турган кылып койгон.6
Хойл Чоң жарылуунун тартиптүүлүктү пайда кылышын парадоксалдуу көрүнүш дегенде, албетте Чоң жарылууну материалисттик бир көз-караш менен чечмелөөдө, б.а. аны «контрольсуз бир жарылуу» деп кабыл алууда. Бирок бир Жаратуучунун бар экенин кабыл албаш үчүн ушундай сөздөрдү айтуу менен чындыгында өзү парадоксалдуу абалга түшкөн. Себеби жарылуунун натыйжасында укмуш бир тартип келип чыкса, анда «контрольсуз (ээнбаш) жарылуу» көз-карашын четке кагып, жарылуунун өтө контрольдуу болгонун, б.а. ал жарылууну Улуу Аллах кылганын кабыл алуу керек болот.
Чоң жарылуудан соң ааламда келип чыккан бул укмуш тартиптин дагы бир тарабы болсо – бул «жашоого ыңгайлуу бир ааламдын» пайда болгондугу. Жашоого ыңгайлуу бир планета пайда болушу үчүн талап кылынган шарттар ушунчалык көп болгондуктан, аны кокустан пайда болгон деп кабыл алууга такыр болбойт.
Белгилүү теоретик-физик, профессор Пол Дейвис бир эле Чоң жарылуудан кийинки кеңейүү ылдамдыгынын канчалык «тактык менен жөнгө салынганын» эсептеп, таң калаарлык бир тыянакка барган. Дейвистин айтуусу боюнча, Чоң жарылуудан кийинки кеңейүү ылдамдыгы эгер миллиард жолу миллиарддан бирге эле башкача болгондо, жашоого ыңгайлуу бир жылдыз тиби пайда болмок эмес жана ааламда жашоо келип чыкмак эмес. Дейвис мындай дейт:
Эсептөөлөр ааламдын кеңейүү ылдамдыгынын өтө критикалык бир деңгээлде болгонун көрсөтүүдө. Эгер аалам бир аз жайыраак кеңейсе, тартылуу күчү себебинен өз ичине чөкмөк, эгер бир аз ылдамыраак кеңейсе космостук материал бүтүндөй чачырап кетмек. Бул эки кырсыктын арасындагы тең салмактуулук канчалык «так эсептелген» деген суроонун жообу өтө кызыктуу. Эгер жарылуу ылдамдыгы чыныгы ылдамдыгынан болгону миллиард жолу миллиарддан бирге эле башкача болгондо, бул керектүү тең салмактуулукту жок кылганга жетмек. Ошондуктан Чоң жарылуу – кандайдыр бир жөнөкөй жарылуу эмес, бүт тарабынан өтө так эсептелген жана тартипке салынган бир кубулуш.7
Чоң жарылуудан келип чыккан физика мыйзамдары арадан өткөн 15 миллиард жылдык убакыт аралыгында эч өзгөргөн эмес. Болгондо да, бул мыйзамдар ушунчалык так эсептерге таянгандыктан, азыркы чоңдугунан миллиметрге эле өзгөрсө, бүт ааламдын түзүлүшү менен тартибин жок кылганга жетиштүү болот.
Белгилүү физик, профессор Стивен Хокинг Zamanın Kısa Tarihi (Убакыттын кыскача тарыхы) аттуу китебинде ааламдагы тең салмактуулуктардын негизи биздин акылыбыздын жеткен чегинен алда канча так эсептерге жана тең салмактуулуктарга таянганын айтат. Хокинг ааламдын кеңейүү ылдамдыгы жөнүндө мындай дейт:
Ааламдын кеңейүү ылдамдыгы ушунчалык критикалык деңгээлде болгондуктан, Чоң жарылуудан кийинки биринчи секундада бул чоңдук эгер жүз миң жолу миллион жолу миллиондон бирге азыраак болгондо, аалам азыркы абалына келбей, өз ичине чөкмөк.8
Пол Дейвис болсо бул кереметтүү тактыктагы тең салмактуулук менен эсептөөлөр натыйжасында келип чыккан тыянак жөнүндө мындай дейт:
Өтө кичинекей сандык өзгөрүүлөргө сезгич ааламдын азыркы түзүлүшүнүн өтө ынталуу бир аң-сезим тарабынан жаратылганына каршы чыгуу өтө кыйын... Табияттын эң негизги тең салмактуулуктарындагы өтө так сандык тең салмактуулуктар космостук бир пландын бар экенин кабыл алууга өтө күчтүү бир далил болот.9
Бул чындык жөнүндө америкалык астрономия процессору Джордж Гринштейн болсо The Symbiotic Universe аттуу китебинде мындай деп жазат:
Далилдерди изилдеген сайын кайра кайра маанилүү бир акыйкатты көрөбүз. (Ааламдын пайда болушунда) бир табият-үстү Акыл кийлигишкен болушу керек.10
Бул Акыл – улуу күч-кудуреттүү Аллах. Аллах бүт баарын кереметтүү бир тартип менен жана кемчиликсиз бир өлчөм менен жараткан.

ЗАТТЫН ЖАРАТЫЛУУСУ

Чоң жарылуудан соң заттын негизги материалы болгон атом келип чыккан. Андан соң ал атомдор чогулуп, ичинде жылдыздары менен, жери жана күнү менен ааламды пайда кылышкан. Жана андан соң кайра эле ошол атомдор дүйнөдөгү жашоону түзүшкөн. Айланада көргөн нерселериңиздин баары; денеңиз, отурган креслоңуз, колуңуздагы китеп, терезеден көрүнгөн асман, топурак, бетон, мөмө-чөмөлөр, өсүмдүктөр, бүт жандыктар жана оюңузга келген заттардын баары Чоң жарылуудан соң пайда болгон атомдордун биригишинен түзүлгөн. Бирок, албетте, булардын баары аң-сезими жок атомдордун өзүнөн-өзү биригишинен эмес, Аллахтын жаратуусу менен келип чыккан. Аллах атомдо да, атомдордон турган бүт нерселерде, б.а. бүт ааламда да укмуш бир тартипти жана кереметтүү тең салмактуулукту орноткон.
Бүт нерсенин негизги материалы болгон атом эмнеден турат жана анын түзүлүшү кандай?
Атомдордун түзүлүшүн анализ кылганда, ар биринин укмуш бир тартипте экенин көрөбүз. Жалпысынан караганда, ар бир атомдун бир ядросу, ядронун ичинде белгилүү санда протондору жана нейтрондору бар. Мындан тышкары, ядронун айланасында эч өзгөрбөс орбиталарда секундасына 1000 километр ылдамдыкта айланган электрондор бар.11 Бир атомдогу электрон менен протондордун саны дайыма бирдей болот, себеби оң заряддуу протон менен терс заряддуу электрон дайыма бир-бирин тең салмактап турат. Эгер бирөөнүн саны башкача болсо, атомдун электромагниттик тең салмактуулугу бузулгандыктан, атом деген нерсе да пайда боло албайт. Атомдун ядросу, ядронун ичиндеги протон менен нейтрондору жана айланасындагы электрондору тынымсыз айланып турат. Булар өз окторунда жана бир-биринин айланасында эч тынымсыз белгилүү ылдамдыкта айланышат. Ал ылдамдыктар да бир-бирин тең салмактап, атомдун бар болушуна шарт түзө турган чоңдукка ээ. Эч качан бир тартипсиздик, өзгөрүү, бузулуу келип чыкпайт.
Жоктуктун ичинде келип чыккан чоң бир жарылуудан соң ушунчалык тартиптүү жана тең салмактуу нерселердин пайда болушу адамды таң калтырбай койбойт. Себеби Чоң жарылуу материалист илимпоздор айткандай контрольсуз, туш келди бир жарылуу болгондо –бул негизи такыр мүмкүн эмес-, анда сөзсүз ээнбаш нерселер пайда болмок жана пайда болгон нерселердин баары өтө башаламандык менен ар тарапка чачырап кетмек.
Бирок пайда болгондон бери бүт тарапта толук тартиптүүлүк өкүмчүлүк кылып келүүдө. Мисалы, баары ар кайсы тарапта жана ар кайсы убакытта пайда болсо да, бир-бирин билгендей жана бир заводдон чыккандай болуп өтө тартиптүү атомдор келип чыккан. Алгач электрондор өздөрүнө бир ядро таап, анын айланасында айланып башташат. Анан атомдор чогулуп затты пайда кылышат жана андан соң белгилүү максатты көздөгөн буюмдар келип чыгат. Башаламан, ишке жараксыз, анормалдуу жана максатсыз нерселер болсо пайда болбойт. Эң кичинесинен эң чоңуна чейин бүт нерселер өз ордунда жана баарынын максаты бар...
Булардын баары улуу кудуреттүү Жаратуучубуз Аллахтын бар экендигинин анык далили, бүт нерсенин Ал каалагандай жана Ал каалаган убакытта пайда болгондугунун апачык көрсөткүчү. Аллах Куранда мындай деп билдирет:

Ал асмандарды жана жерди акыйкат менен жараткан. Ал «Бол» деген күнү (бүт баары) болуп калат, Анын сөзү акыйкат... (Энъам Сүрөсү, 73)

ЧОҢ ЖАРЫЛУУДАН СОҢ

Бирок ааламдын сөзсүз бир максаты бар экенин көрсөткөн бир окуя бар; ал ааламдын кокустан ал жерде туруп калбагандыгы. Кээ бир адамдардын ою боюнча, «аалам ал жерде турат, болгону ошол.» Жөн гана ал жерде турууда. Биз болсо кокустан ошол нерсенин ичинде болуп калдык. Бул көз-караштын ааламды түшүнүшүбүздө өтө натыйжалуу болушуна же көмөкчү болооруна ишенбейм. Менимче, аалам жана анын түбүндө бүгүн али биз көп сезе элек алда канча терең нерселер жашырылган.12
Ааламдын келип чыгышы жөнүндө көптөгөн изилдөөлөрдү жасаган физик Роджер Пенроуздун жогорудагы сөздөрү өтө маанилүү. Бул сөздөрдө айтылгандай, көп адамдар аалам бүт кереметтүү тең салмактуулугу менен «жөн гана пайда болгон» жана «мен ал ааламдын ичинде жөн гана жашап жатам» деген туура эмес пикирде болушат.
Бирок учурда илим чөйрөлөрү тарабынан ааламдын пайда болуу формасы катары кабыл алынган Чоң жарылуудан соң өтө кемчиликсиз жана таң калаарлык бир тартиптин келип чыгышы негизи эч жөнөкөй көрүнүш эмес.
Кыскасы, ааламдагы кереметтүү системаны изилдегенде, ааламдын пайда болушунун жана иштешинин туш келди себептер менен түшүндүрүүгө болбой турган комплекстүү бир тартипке жана өтө так тең салмактуулуктарга таянганын көрөбүз. Апачык көрүнүп тургандай, мындай тең салмактуулук менен тартиптин чоң бир жарылуудан соң өзүнөн-өзү, кокустан келип чыгышы, такыр мүмкүн эмес. Чоң жарылуу деген бир жарылуудан соң мындай тартиптин келип чыгышы Аллахтын жаратуусу менен гана болгон.
Ааламдагы бул теңдешсиз тартип затты жоктон жараткан жана анын ар бир саамын башкарып турган чексиз илимдүү, чексиз кудуреттүү жана чексиз акылдуу бир Жаратуучубуз бар экенин дагы бир жолу далилдөөдө. Ал Жаратуучу – асмандардын, жердин жана экөөнүн арасындагы бүт нерселердин Рабби Аллах.
Бул чындыктардын баары бизге бир 19-кылым догмасы болгон материалисттик философия көз-караштарынын 20-кылымдын илими тарабынан кантип жокко чыгарылганын да көрсөтүүдө.
Учурдагы илим ааламдагы улуу тең салмактуулук менен тартипти ачып көрсөтүп, бүт нерселерди жараткан жана башкарып турган бир Жаратуучунун, б.а. Аллахтын бар экенин дагы бир жолу далилдеди.

Кылымдар бою көп адамдарды алдаган, ал тургай, бир кездерде «илимий» болуп да көрүнгөн материализм болсо «заттан башка эч нерсе жок» деп, затты жоктон жараткан жана жөнгө салган Аллахтын бар экенин акылсыздык менен четке каккан жана натыйжада чоң жаңылыштыкка түшкөн. Эми болсо акылга жана илимге туура келбеген примитивдик жана негизсиз бир ишеним катары тарыхта калат.


Булактар:

1. Georges Politzer, Felsefenin Başlangıç İlkeleri, Sosyal Yayınlar, İstanbul, 1989, s.84
2. S. Jaki, Cosmos and Creator, Regnery Gateway, Chicago, 1980, s. 54
3. Stephen Hawking, Evreni Kucaklayan Karınca, Alkım Kitapçılık ve Yayıncılık, 1993, s. 62-63.
4. Henry Margenau, Roy Abraham Vargesse, Cosmos, Bios, Theos, (La Salle IL: Open Court Publishing, 1992) s. 241
5. Hugh Ross, Cosmos and the Creator, 1993, s. 112
6. Fred Hoyle, The Intelligent Universe, 1984, s. 184-185
7. Paul Davies, Superforce: The Search for a Grand Unified Theory of Nature, 1984, s. 184
8. Stephen Hawking, A Brief History Of Time, Bantam Press, London: 1988, s. 121-125.
9. Paul Davies, God and the New Physics, New York: Simon & Schuster, 1983, s. 189
10. George Greenstein, The Symbiotic Universe, New York, 1988, s. 27
11. A Dorling Kindersley Book - The Science, Published in the United States by Dorling Kindersley Inc., s. 24.
12. Stephen Hawking, Evreni Kucaklayan Karınca, Alkım Kitapçılık ve Yayıncılık, 1993, s. 143.

АСМАНДАРДАГЫ ЖАНА ЖЕРДЕГИ ДАЛИЛДЕР


Миллиондогон майда кирпичти чогултуп өтө өнүккөн бир шаар макетин курдуңуз дейли. Ал шаардын ичинде бийик имараттар, кыйма-чийме жолдор, темир жол станциялары, аэропорттор, соода борборлору, жердин астына салынган метролор, алардын жанында суулар, көлдөр, токойлор жана бир жээк болсун. Ошондой эле, көчөлөрдө басып жүргөн, үйлөрүндө отурган, ишканаларда иштеген жүздөгөн адамдар да болсун. Эч нерсени унутпай, баарын өтө кылдат жасадыңыз дейли. Жолдордогу светофорлорду, билет кассаларын, бир автобус аялдамасынын белгисин дагы...
Анан бирөө сизге келип ар бир ташын өтө кылдаттык менен тандап, баарын өтө пландап курган бул шаарыңыздын бүт бөлүктөрү кокустан чогулуп, өзүнөн-өзү бул шаарды куруп койду десе, ал адамдын акылы ордундабы деген ойго келбейсизби?
Эми кайра курган шаарыңызга кайтыңыз, бир эле бөлүгүн орнотпой унутуп калсаңыз же ордун алмаштырып койсоңуз, бүт шаар кулап калат деп элестетиңиз. Канчалык кылдат тең салмактуулук түзүп, кандай кылдат тартип курушуңуз керек экенин болжой алып жатасызбы?
Биз жашап жаткан дүйнөдөгү жашоо да адам акылына сыйбай турганчалык көп майда-бараттын жыйындысынан келип чыккан. Ал майда-бараттардын бирөөсүнүн же бир канчасынын эле болбошу дүйнөдө жашоонун болбошу деген мааниге келет.
Заттын эң кичине бөлүгү болгон атомдон ичинде миллиарддаган жылдызды камтыган галактикаларга, дүйнөнүн бөлүнгүс бөлүгү айдан ичинде турган күн системасына чейин бүт баары, ар бир деталь укмуш гармонияда иштейт. Өтө кылдаттык менен курулган бул система бир сааттай эч токтоосуз иштейт. Адамдардын баары миллиарддаган жылдан бери уланып келген бул системанын эч бир жери унутулуп калбай, өз ишин улантаарынан ушунчалык ишенимде болгондуктан, 10 жылдан кийин үчүн пландарды да эч ойлонбой түзүшөт. Эч ким эртеңки күнү күн чыкпай калбайбы деп ойлонбойт. Адамдардын көпчүлүгү «дүйнө күндүн тартылуу областынан кокустан чыгып, космос мейкиндигинде белгисиз тарапты көздөй жөнөбөйбү?», «буга эмне тоскоол болот?» деп ойлонбойт.
Ошондой эле, көп адамдар уктаарда мээлери эс алгандай, жүрөгүм же дем алуу системам да дем алууга кирип кетпейби деп тынчсызданбайт. Чындыгында болсо, бул эки өтө маанилүү системанын бирөөсүнүн эле бир канча секундага токтошу өлүмүбүзгө себеп болушу мүмкүн.
Бүт жашоону курчап турган жана бүт окуяларды «кадимки өз жолунда жүрүп жатат» деп кароого себеп болгон «көнүмүштүк көз айнеги» чечилгенде, негизи бүт нерсенин ичке жипке илингендей кылдат тартипке салынганын, бир-биринен көз-каранды системалардан тураарын оңой эле көрүүгө болот. Кайсы жакты карабаңыз, бүт тарапта кереметтүү бир тартиптин бар экенин байкайсыз. Албетте, мындай тартипти жана гармонияны түзгөн улуу бир күч бар. Ал күчтүн ээси – бүт нерсени жоктон жараткан Аллах. Аяттарда мындайча кабар берилген:
Ал бири-бири менен «толук бир төп келүүчүлүк» ичинде жети асманды жараткан. Рахман (болгон Аллах)тын жаратуусунда эч кандай «карама-каршылык жана дал келбестик» көрө албайсың. Мына көз(үң)дү айландырып-карап көр; кандайдыр бир жарака (кемчилик жана бузуктук) көрүп жатасыңбы? Андан соң көзүңдү дагы эки жолу айландырып-кара; ал көз (дал келбестик табуудан) үмүтүн кескен бир абалда чарчап, сага кайтат. (Мүлк Сүрөсү, 3-4)
Асманды, жерди же ал экөөнүн арасында жашаган жандыктарды болсун, кайсынысын карабайлы, баарынын аларды жараткан Улуу Аллахтын бар экенин далилдээрин көрөбүз.
Эмки бөлүмдө бүт адамдар көрүп, бул кантип пайда болгон же кантип жашап жатат деп ойлонбой, өтүп кеткен жандыктардан жана табият кубулуштарынан сөз кылабыз. Эгер Аллахтын жер жүзүндөгү бүт далилдерин жазууга аракет кылсак, аны миңдеген энциклопедия томуна да батыра албайбыз. Ошондуктан бул бөлүмдө терең ойлонуу керек болгон кубулуштарды кыска кыска эске салып гана өтүп кетебиз.
Бирок ушул кыска эскертүүлөр дагы Куранда айтылгандай «ойлонуп насаат алган», абийирлүү кишилердин өмүрүндөгү эң негизги чындыкты көрүшүнө же жок дегенде дагы бир жолу эстешине шарт түзөт.
Себеби, Аллах бар...
Ал өрнөксүз жараткан жана Аны акыл менен таанууга болот.

АДАМ ДЕНЕСИНДЕГИ КЕРЕМЕТТЕР

Биз сезбегенибиз менен, денебиздин ичинде миллиондогон иштер жасалып жатат. Алардын көпчүлүгү бир канча мүнөткө эле токтосо, адамда эч айыкпас ооруларга, ал тургай, өлүмгө себеп болушу мүмкүн.
Бирок адам бир клеткадан кантип бойго жеткен бир адамга айланганын да ойлонбойт жана дайыма көрүп турган денесинин кантип мындай кемчиликсиз иштээрин да изилдебейт. Ошондуктан өмүрүнүн канчалык «жипке илингендей» назик процесстер натыйжасында уланып жатканын билбейт. Бир ооруга же кырсыкка туш болгондо гана андан көз-карандысыз иштеген дене системасынын маанисин ойлонуп баштайт. Бирок бул да көпкө созулбайт; ден-соолугу ордуна келгенде баарын унутуп калат.
Бирок Аллах денесинин ичинде да, сырткы көрүнүшүндө да сансыз ыйман далилин адамга көрсөтүүдө. Адам денесинин сырткы көрүнүшүн караганда да Аллахтын кереметтүү чеберчилигин көрүүгө болот. Бүт адамдарда бар болгон дене симметриясы; эки колдун, эки буттун болушу, денедеги колдор, буттар жана баштын катышы бир караганда эле көңүл бура турган даражада укмуш. Ал катыштардын баары Аллах тарабынан гармонияда жасалган. Мисалы;
Ар бир адамдын денесинин узундугу башынын узундугунун сегиз эсесине барабар,
Жүзү мурдунун узундугунун үч эсесине барабар,
Эки көзүнүн арасында бир көздүн узундугундай аралык болот,
Колу менен бутунун катыштары жана узундуктары сулуулукка да, муктаждыкка да толук туура келет.
Мындай симметриялык детальдарды көрүү үчүн айланаңыздагы адамдарга көз чаптыруу эле жетиштүү болот; бул өзгөчөлүктөрдү баарынан көрө аласыз. Жана, ал тургай, бүт мындай өзгөчөлүктөр ушул кезге чейин жашап өткөн миллиарддаган адамдардын баарында болгон жана (Аллахтын каалоосу менен) мындан кийин жашай турган адамдарда да болот.
Тышкы көрүнүшү жагынан кемчиликсиз түзүлүштө жаратылган адамдын ичинде да укмуш кубулуштар жүрүп турат, өзү эч сезбеген миңдеген керемет тынымсыз болуп турат. Мээден боорго, өттөн бөйрөктөргө чейин бүт органдар кемчиликсиз иштейт. Органдарда жана дененин ичиндеги системалардын иштешиндеги бүт кубулуштар таң калыштуу тартиптүүлүктө жана гармонияда жүрөт.
Денебиздин ичинде дайыма өкүм сүргөн мындай тартипти, гармонияны жана тактыкты түшүндүрүү үчүн балким жүздөгөн мисалдарды келтирүүгө болот. Денени жараткан Улуу Аллахтын илими чексиз жана адамдын акыл чегинен өтө жогору. Бирок адам денесиндеги сансыз мисалдардын ичинен бир канчасын тандап бул жерде айта кетүү адамды кемчиликсиз жараткан Аллахтын бар экенин, улуулугун, күчүн, илимин жана чеберчилигин жакшылап түшүнүүгө көмөкчү болот.

«Кемчиликтүү көз көрбөйт»

Көз – жандыктардын жаратылганын көрсөткөн эң ачык далилдердин бири. Адамдын көзү да, жаныбарлардын көздөрү да кереметтүү түзүлүшкө ээ. Бул орган дүйнөнүн эң комплекстүү аппараттарынан да алда канча жогору.
Көздүн болжол менен 40 бөлүктүн жыйындысынан турган өтө комплекстүү бир системасы бар. Ал бөлүктөрдүн бирөөсүн эле карайлы. Мисалы, көз чечекейи... Биз көбүнчө сезбейбиз, бирок буюмдарды тунук көрүшүбүзгө көз чечекейинин ар секунда сайын эч тынымсыз «автоматтык түрдө фокусун оңдошу» шарт түзөт. Кааласаңыз буга бир эксперимент жасасаңыз болот: сөөмөйүңүздү өйдө көтөрүңүз. Анан бир манжаңыздын учун, бир артындагы дубалды караңыз. Көзүңүздү манжаңыздан дубалды көздөй бурган сайын бир «жөнгө салуу» жасалып жатканын сезесиз.
Бул жөнгө салуу көз чечекейинин айланасындагы майда булчуңдар тарабынан жасалат. Көздүн караган жери өзгөргөн сайын бул булчуңдар ишке кирип, чечекейдин (линзанын) томпоктугун өзгөртүп, жарыктын керектүү бурчта сынышына жана каалаган нерсеңизди көрүшүңүзгө шарт түзөт. Чечекей бул жөнгө салууну өмүр бою эч ката кетирбей, ар секунда жасап турат. Фотографтар мындай жөнгө салууну фотоаппараттарда көбүнчө колу менен жасашат жана фокусту туура жерге түшүрүү үчүн кээде көпкө алектенишет. Заманбап технология натыйжасында акыркы 10-15 жылда автоматтык түрдө фокусту жөнгө салган камералар өндүрүлдү, бирок эч бир камера көздөй ылдам жана катасыз жөнгө салуу жасай албай келет.
Бир көз көрө алышы үчүн болсо бул органды түзгөн болжол менен 40 тетиктин баары бир учурда, чогуу пайда болушу жана бир-бирине төп келип иштеши зарыл. Көз чечекейи алардын бирөөсү гана. Айнекчел, конъюнктива (көздүн былжыр чели), карек айланасындагы чел, карек, тордомо чел, көздүн тамырдуу кабы, көз булчуңдары, көз жашы бездери сыяктуу башка бүт тетиктер бар болсо жана иштесе, бирок бир эле көз кабагы болбосо көз кыска убакытта чоң жабыр тартып, көрүү функциясын жоготот. Ошол сыяктуу, бүт органеллдер бар болуп, көз жашынын өндүрүшү токтосо, көз бир канча саат ичинде кургап, жабышып, сокур болуп калат.
Көздүн мындай комплекстүү түзүлүшү алдында эволюционисттердин «кокустуктар чынжыры» көз-карашы толук маанисин жоготот. Себеби көз ишке жарашы үчүн бир учурда толугу менен пайда болушу керек. Эволюционист бир илимпоз муну төмөнкүчө мойнуна алат:
Көздөрдүн жана канаттардын орток өзгөчөлүгү – бул толугу менен бар болгондо гана өз кызматын аткара алышы. Башкача айтканда, кемчиликтүү көз менен көрүүгө болбойт, жарым канат менен учууга болбойт.13
Бул болсо көздүн бүт бөлүктөрү менен бирге бир учурда жана кемчиликсиз пайда болгонун көрсөтөт. Б.а. көздү да, бүт башка органдарыбыз сыяктуу, Аллах кемчиликсиз кылып жараткан.

Кулактын кемчиликсиз жаратылышы

Оюңузга келген беле?... Сиз бир музыканы же бирөөнүн сүйлөгөнүн угуп жатканыңызда, чоң бир керемет ишке ашат. Абада тараган үн толкундары секундасына 350 километр ылдамдыкта кулагыңызга жетет. Жана ошол кезге чейин бир физикалык кыймыл гана болгон толкундар кулагыңызда ишке ашкан укмуш татаал процесстер натыйжасында «үнгө» айланат. Болгондо да, бул окуялар секунданын миңден биринен да ылдамыраак ишке ашат...
Угуу процесси, жогоруда айтылгандай, абада тараган толкундар менен башталат. Толкундар кулак калканына жеткенде, «угуу» деген процесс башталат.
19-кылымдын примитивдүү илим деңгээлинде ойлонгон Чарльз Дарвин эволюция теориясын чыгарганда кулак калканын ишке жараксыз жана ошондуктан эволюция процессиндеги рудимент (функциясын жоготкон) орган деген эле. Бирок учурдагы илимий изилдөөлөр кулак калканынын үндөрдү топтоого жана багыттоого жараарын, кулак калканынын ичиндеги бүктөмдөрдүн болсо үндү багыттоо үчүн эң ылайыктуу акустикалык тартипке ээ экенин көрсөттү. Кулак калканынын сырткы бөлүгү мегафон кызматын аткарып, үн толкундарын сырткы кулакка топтойт. Натыйжада үн толкундарынын күчү болжол менен 17 децибел жогорулатылат.14

 Кулак тарсылдагындагы (жаргакчасындагы) сезгичтик

Ошентип күчөтүлгөн үн тышкы кулак жолуна кирет. Тышкы кулак жолунда белгилүү болгондой тынымсыз чыгарылып турган бир кулак суюктугу бар. Ал суюктуктун маанилүү бир өзгөчөлүгү, анда бактериялар менен курт-кумурскаларды кулактан алыс кармоочу бир «уу» бар. Б.а. ал кулакты коргоочу атайын бир суюктук. Мындан тышкары, ал суюктук кулактын ичин көздөй эмес, сыртын көздөй агышы үчүн сырткы кулактагы клеткалар сыртты көздөй бир спираль формасында тизилишкен. Антпесе, бул суюктук кулагыбызга толуп, бизди дүлөй кылып коюшу мүмкүн эле.
Сырткы кулактан өткөн үн толкундары кулак тарсылдагына барышат. Кулак тарсылдагы ушунчалык сезгич болгондуктан, молекула көлөмүндөгү толкундарды да сезет. Натыйжада тынч жерде сизден канча метр алыста шыбыраган бир адамды оңой эле уга аласыз. Же эки манжаңызды бир-бирине акырын сүрүп, андан чыккан толкундарды уга аласыз.15
Бирок бул жерде маанилүү бир маселе бар. Мынчалык кичине толкундарды сезген кулак тарсылдагы бир тараптан аны азыктандырган тамырлардагы кан басымынан келген чоң толкундарга туш болот. Кулак тарсылдагын азыктандырган капиллярларда бараткан кан клеткалары бир туннельдин ичинде тоголонгон таштарга салыштырууга боло турганчалык катуу үн толкундарын пайда кылышат. Бирок биз бул үндү эч укпайбыз. Мунун себеби эмне?
Мунун себеби денеде жаратылган кереметтүү бир система. Кулак тарсылдагына кан тамырларынан келген дабыштар нерв системасы тарабынан сырттан келген башка үндөрдөн бөлүп салынат. Бир жаздырылган музыкадагы керексиз дабыштарды жана шуулдаган үндөрдү тазалоочу алдыңкы компьютерлер сыяктуу, нерв системасы да кан тамырларынын кулак тарсылдагына болгон толкундарын тазалайт. Натыйжада өмүр бою кан тамырларыбыздын басымынан пайда болгон үндөрдү угуудан кутулабыз.

Ортоңку кулактагы механизм

Кулак тарсылдагы ага келген толкундарды күчөтүп ортоңку кулак тарапка өткөрөт. Ал жерде дөөшү, балка жана үзөңгү деп аталган жана бир-бирине өтө кылдат тең салмактуулукта тийип турган үч кичинекей сөөк бар. Ал сөөктөр да тарсылдактан аларга келген толкундарды жогорулатышат.
Бирок бул система кээде ашыкча жогору үндөрдү төмөндөтүүгө жарайт. Бул өзгөчөлүк дөөшү, балка жана үзөңгү сөөктөрүн башкарып турган, дененин эң кичинекей көлөмдөгү эки булчуңу тарабынан камсыздалат. Ал булчуңдар ашыкча жогору үндөрдүн ички кулакка өткөрүлөөрдөн мурда төмөндөтүлүшүнө шарт түзүшөт. Натыйжада бизди шок кыла турган катуу үндөрдү төмөнүрөөк кылып угабыз.
Бул булчуңдар биздин контролубуздан тышкары, автоматтык түрдө ишке киришет. Биз уктап жатканда да жаныбызда катуу бир үн чыкса, бул булчуңдар ошол замат жыйрылып, ички кулакка барган толкундун күчүн азайтышат. Эгер мындай механизм болбогондо, катуу үндөр оңой эле ички кулакка зыян тийгизип, дүлөйлүккө себеп болушу мүмкүн эле. Бирок бүт баары өтө керемет бир тең салмактуулук менен жаратылган, жана кулак эң акырын үндөрдү да уга ала турган, ашыкча катуу үндөрдөн да коргоно ала турган бир механизм менен жаратылган.
Мынчалык керемет жаратылган ортоңку кулак маанилүү бир тең салмактуулукту сакташы зарыл. Ал тең салмактуулук – ортоңку кулактагы аба басымы менен кулак тарсылдагынын аркы тарабындагы, б.а. атмосферадагы аба басымынын бирдей кармалышы шарты. Бул тең салмактуулук үчүн болсо ортоңку кулак менен сырткы дүйнө арасында аба алмашууну камсыз кылуучу бир «желдетүү каналы» жаратылган. Ал канал ортоңку кулактан оозубузга чейин созулган жана ичи бош бир түтүк болгон – Евстахио түтүктөрү.

Титиреген түкчөлөр жана үндүн пайда болушу

Бир нерсеге көңүл буралы: бул жерге чейин айтылгандардын баары сырткы жана ортоңку кулактагы толкундар гана. Толкундар тынымсыз келип турат, бирок алар механикалык кыймылдар гана. Б.а. үн жок.
Ал механикалык кыймылдардын үнгө айландырылып башташы ички кулак деп аталган аймакта болот. Ички кулакта эң негизги орган – бул ичи суюктук менен капталган спираль бир бөлмө. Формасы себептүү «үлүл (улитка; кулак чыгырыгы)» деп аталат.
Үлүлдүн ичиндеги суюктукка келген толкундар ал суюктуктун ичинде толкундарды пайда кылышат. Үлүлдүн ички беттеринде болсо ал суюктуктун толкундарынан таасирленген майда түкчөлөр бар. Ал түкчөлөр суюктуктагы толкундарга жараша билинээр-билинбес кыймылдашат. Эгер катуу бир үн келсе, көбүрөөк түкчө, күчтүүрөөк ийилет. Сырткы дүйнөдөгү ар бир үн жыштыгы ал түкчөлөрдө ар кандай таасир пайда кылат.
Бул түкчөлөрдүн кыймылы эмне мааниге келет?
Жооп өтө кызыктуу: бул түкчөлөр – негизи үлүлдүн ички бетин каптап турган болжол менен 20 миң клетканын төбөсүндө жайгашкан бир рычаг. Түкчөлөр бир толкун сезгенде кыймылдашат жана ал кыймыл түкчөлөрдүн астындагы клеткалардын эшиктерин ачат. Натыйжада клеткаларга ион кирет. Түкчөлөр терс тарапка жатканда болсо клетка эшиктери жабылат. Мындай тынымсыз кыймыл клеткалардын химиялык тең салмактуулуктарын да тынымсыз өзгөртүп, алардын электрдик сигнал чыгарышына шарт түзөт. Ал электрдик сигналдар нервдер аркылуу мээге жиберилет жана мээ аларды чечмелеп үнгө айландырат. Мээнин мындай чечмелөөнү кантип жасаары, бир кесим эттен турган бул органдын ага келген электрдик сигналдарды кантип адамдын үнүнө, күн күркүрөгүнө же бир музыкага айландыраары эч чечилгис бир сыр.
Жүргүзүлгөн изилдөөлөр түкчөнүн бир атомдун радиусундай эле кыймылдашынын клеткадагы реакциянын башталышына жетиштүү болоорун көрсөткөн. Бул теманы изилдеген адистер түкчөнүн мындай сезгичтигин сүрөттөө үчүн кызыктуу мисалдарды келтиришет. Ал мисал боюнча, түкчөнү белгилүү Эйфель мунарасындай көлөмдө деп элестетсек, андан көз-каранды клеткага болгон таасири ал мунаранын төбөсү үч сантиметрге эле кыймылдаса башталат.16
Түкчөлөр бир секундада канча жолу чайпалат деген суроонун жообу да өтө кызык. Бул үндүн жыштыгына жараша өзгөрөт. Жыштык жогорулаган сайын, түкчөлөрдүн чайпалуу саны укмуш көрсөткүчтөргө жетет. Мисалы, 20 миң жыштыкта бир үн укканыбызда, түкчөлөр да секундасына 20 миң жолу чайпалган болот.
Кыскасы, биз уккан бир пианино үнү – негизи ички кулак үлүлүбүздөгү түкчөлөрдүн ар нотага жараша ар кандай кыймылдашы, ал кыймылдардын ар жолкусунда түкчөлөргө көз-каранды клеткаларда ар кандай ион тең салмактуулугун жаратышы жана ал химиялык процесстердин электрдик сигналдарды чыгарышы гана. Клеткалар мындай укмуш процесстерди өмүр бою ар секунда эч чарчабай, бузулбай жана деформация болбой жасашат...
Бул жерге чейин айтылган бүт маалыматтар бизге угуу органыбыз кулактардын кереметтүү жаратылганын көрсөтүүдө. Кулактын бир-бири менен тыгыз байланыштагы ондогон комплекстүү механизминин гармонияда иштеши натыйжасында бир функцияны аткарган, кемчиликсиз бир системасы бар. Заманбап илим менен технология болсо бул системаны тууроо мындай турсун, иштөө принциптерин да толук чечмелей алган жок.
Албетте, ушунчалык комплекстүү бир тартиптин эволюция теориясы айткандай кокустуктар натыйжасында пайда болушу мүмкүн эмес. Ар бир тартип аны жараткан бир кудуреттин бар экенин көрсөтөт. Кулактагы кереметтүү тартип болсо бул органды кемчиликсиз жараткан Аллахтын бар экенин жана табиятты башкарып тураарын дагы бир жолу далилдөөдө.
Бул акыйкатты түшүнгөн адамдын милдети болсо – ага ушундай бир органды жана натыйжада угуу сезимин берген Аллахка шүгүр кылуу гана. Куранда адамдарга мындай деп кайрылуу жасалат:

Айткын: «Силерди курган (жараткан), силерге кулак, көздөр жана көңүлдөр берген – Ал. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар?» (Мүлк Сүрөсү, 23)

Адамдын ичиндеги армия

Денеңиздин тереңинде күн сайын сиз сезбеген бир согуш болуп турат. Согуштун бир тарабы – денеңизге кирип, аны басып алууну көздөгөн бактерия менен вирустар болсо, экинчи тарабы – денени бул душмандардан коргогон иммундук клеткалар.
Душмандар көздөгөн жерине кирүү үчүн чабуулга даяр абалда күтүшөт жана мүмкүнчүлүк табаар замат ал тарапты көздөй жөнөшөт. Бирок ал жердин күчтүү, тартиптүү жана дисциплиналуу аскерлери душмандарды оңойчулук менен өткөрбөйт. Согуш болуп жаткан жерге биринчи душмандарды жутуп нейтралдаштыруучу аскерлер (фагоциттер) келет. Бирок кээде согуштун масштабы бул аскерлердин жөндөмүнөн жогору болот. Андайда башка аскерлер ишке киришет (макрофагдар). Алардын ишке киришиши ал аймакта коңгуроо кагылышына себеп болуп, башка аскерлерди согуш майданына чакырышат (жардамчы Т-клеткалары).
Булар ал аймактын тургундарын өтө жакшы тааныган аскерлер. Өз аскерлери менен душманды бир-биринен заматта ажыратышат. Жана эч убакыт жоготпой курал жасоо милдетин аткарган аскерлерге кабар жөнөтүшөт (В-клеткалары). Бул аскерлер да кереметтүү жөндөмдөргө ээ. Душманды эч көрбөй туруп, аларды нейтралдаштыра турган курал-жарактарды өндүрө алышат. Ошондой эле, өндүргөн куралдарын өздөрү көтөрүп керектүү жерге чейин жеткиришет. Бирок бул сапар учурунда өздөрүнө да, өз тарапташтарына да зыян бербеши керек болот, жана муну да ийгиликтүү орундатышат. Андан соң сокку уруучу командалар ишке киришет (өлтүргүч Т-клеткалары). Булар болсо өздөрүндө алып жүргөн уулуу затты душмандын эң таамай жерине берип, алардан кутулушат. Жеңишке жетишилгенде, согуш майданына башка бир аскер тобу келип (токтоткуч Т-клеткалары), бүт жоокерлер өз орундарына кайра кайтарылат. Аягында согуш майданына келген аскерлер (эске сактоочу клеткалар) душман жөнүндө бүт маалыматтарды так ушундай абал кайра кайталанганда колдонуу үчүн эстеринде сактап коюшат.
Бул жерде айтылган укмуш армия – адам денесиндеги иммундук система. Айтылгандардын баары көзгө көрүнбөгөн кичинекей клеткалар тарабынан жасалууда (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, Иммундук система керемети).
Канча киши денесинде ушунчалык тартиптүү, дисциплиналуу жана керемет бир армия бар экенин билет болду экен? Төрт тарабынын олуттуу ооруларга, ал тургай, өлүмүнө себеп боло турган микробдор менен курчалганын канча киши билет? Чындап эле дем алган абада, ичкен сууда, жеген тамакта, кол тийген жердин баарында адам үчүн өтө чоң коркунуч туудура ала турган микробдор бар. Адам өзү булардын баарынан кабарсыз жүргөндө, денесиндеги клеткалар аны балким өлүмгө алып бара турган бир оорунун колунан куткаруу үчүн болгон күчү менен согушушат.
Иммундук клеткалардын баарынын дененин клеткасы менен душман клеткаларды бир-биринен айырмалай ала турган жөндөмдө болушу, В-клеткаларынын көрбөгөн душманды жок кыла турган бир курал жасай алышы, аларды өздөрүнө зыян тийгизбей, эч бир дене клеткасына тийгизбей керектүү жерге чейин жеткире алышы, сигнал алган клеткалардын эч тоң моюндук кылбай өз милдетин толук аткарышы, ар биринин өз ишин билиши, жумуштары бүткөндө кайра эч маселе жаратпай өз ордуна кайтышы, эске сактоочу клеткалардын эс-тутумунун ушунчалык күчтүү болушу – бул системаны кереметтүү кылган өзгөчөлүктөрдүн бир канчасы гана.
Мына ушул себептерден улам иммундук системанын пайда болуу икаясы ушул кезге чейин эч бир эволюционист тарабынан жазыла алган жок.
Иммундук системасы болбогон же толук иштебеген бир адамдын өмүрүн улантышы өтө кыйын. Себеби мындай учурда тышкы дүйнөдөгү бүт микроб менен вирустардан коргоно албай калат. Учурда мындай адамдар атайын бир чатырда, сырттагы эч бир затка түздөн-түз тийбей гана белгилүү мөөнөткө чейин жашай алышууда. Ошондуктан алгачкы, примитивдик шарттагы бир адамдын иммундук системасы жок туруп, түрүн улантышы такыр мүмкүн эмес. Бул дагы бизди иммундук система сыяктуу өтө татаал бир система бир жолуда, бүт мүчөлөрү менен бирге жаратылган деген чындыкка алып барат.
 
Бөлүнүп жаткан В-клеткасы

Бактериялар менен курчалган В-клеткасы

Бүт тарабы тартипке салынган бир система


Дем алуу, тамак жеш, басуу ж.б. адамдар үчүн өтө жөнөкөй нерселер болуп саналат. Бирок көп адамдар мынчалык маанилүү нерселер кантип пайда болгон деп ойлонбойт. Мисалы, сиз бир мөмө жегениңизде, ал мөмөнүн кантип денеңизге пайдалуу абалга келээрин ойлонбойсуз. Сиз жакшы азык менен азыктанып жатам дегениңизде денеңиз бул азыкты «жакшы» абалга айлантуу үчүн сиздин эч оюңузга келбегенчелик татаал процесстерди жасайт.
Бул татаал процесстер жасалган тамак сиңирүү системасы бир тамакты оозго алаарыңыз менен иштеп баштайт. Системанын башында ишке кирген шилекей азыктарды суулап тиштер тарабынан чайналып, кекиртектен төмөн көздөй кетишин жеңилдетет.
Кекиртек тамактардын ашказанга жетишинде кызмат кылат. Ашказанга келгенде болсо кереметтүү бир тең салмактуулук тосуп алат. Азыктар ашказанда бул органдын ичиндеги хлордук-суутектик кислота (туз кислотасы) тарабынан сиңирилет. Бирок бул кислота ушунчалык күчтүү болгондуктан, бир эле тамактарды эмес, ашказандын ичин да ээритип сала алат. Бирок, албетте, кемчиликсиз система ичинде мындай катага жол берилген эмес. Тамак сиңирүү учурунда чыгарылган «былжыр» аттуу бир секреция ашказандын бүт ичин каптап, туз кислотасынын зыянынан коргойт. Натыйжада ашказандын өзүн-өзү жок кылышына бөгөт коюлат.
Тамак сиңирүү процессинин уланышы да өтө пландалган. Тамактардын тамак сиңирүү системасы тарабынан майдаланган, ишке жарактуу бөлүктөрү ичке ичегинин ичинде соруп алынып, канга аралашат. Ичке ичегинин ички бети «ичеги түкчөлөрү» деп аталган майда бүктөлүштөр менен капталган. Ичеги түкчөлөрүнүн бетиндеги клеткалардын үстүңкү бөлүгүндө болсо «микротүкчөлөр» деген микроскопиялык бутактар болот. Ал бутактар насостой иштеп, тамактарды сорушат. Натыйжада бул насостор соргон тамактар кан айлануу системасы аркылуу дененин бүт тарабына жеткирилет.
Бул жерде көңүл буруу керек болгон жагдай, жогоруда кыскача баяндалган системаны эволюция теориясы эч качан түшүндүрө албайт. Себеби эволюция теориясы кичинекей өзгөрүүлөрдүн этап этабы менен бир-бирине кошулушу натыйжасында алгачкы, жөнөкөй жандыктардан учурдагы татаал организмдер пайда болгон дейт. Бирок апачык көрүнүп тургандай, ашказандагы системанын этап этабы менен пайда болушу мүмкүн эмес. Бир эле фактордун кем болушу жандыктын өлүмүнө себеп болот.
Ашказандагы суюктук тамак келгенде бир катар химиялык процесстер натыйжасында майдалагыч касиетке ээ болот. «Эволюция процессинде» ашказанда мындай пландуу химиялык өзгөрүү жасала албаган бир жандыктын жашап жатканын элестетиңиз. Ашказанындагы суюктук эч майдалагыч касиетке келе албаган ал жандык жегендерин сиңире албай, ашказанында сиңирилбеген толтура тамак турганы менен, азык жетишсиздигинен өлмөк.
Мындан тышкары, бул майдалагыч кислота чыгарылганда, аны менен бирге ашказандын капталдары былжыр деген секрецияны чыгарышы керек. Антпесе, ашказандагы кислота ашказанды талкаламак. Ошондуктан өмүрдү улантуу үчүн ашказан эки суюктукту тең (кислота менен былжырды) бирдей чыгарышы зарыл. Бул дагы бизге эволюционисттер айткандай этап этабы менен туш келди эмес, бир учурда бүт системалары менен бирге пайда болушу керек экенин көрсөтөт.
Булардын баары адам денесинин бир-бирине толук шайкеш келген кичинекей жабдыктардан турган чоң бир заводго окшошоорун көрсөтүүдө. Жана ар кандай заводдун бир долбоорчусу, инженери, пландоочусу болгон сыяктуу, адам денесинин да кемчиликсиз жараткан, улуу кудуреттүү бир Жаратуучусу бар. Бул Жаратуучу – бүт нерсенин өкүмдары Аллах.

Скелет системасы

Скелет өзүнчө бир инженерия керемети. Дене түзүлүшүнүн колдоо системасы. Ошондой эле, мээ, жүрөк, өпкө сыяктуу эң негизги органдарды коргойт, ички органдарга көмөк көрсөтөт. Адам денесине эч бир жасалма шайман туурай албаган, укмуш бир кыймылдоо жөндөмүн берет. Болгондо да, сөөк кыртышы көп адамдар ойлогондой жансыз эмес. Сөөк кыртышы дененин кальций, фосфат жана дагы көптөгөн маанилүү минералынын кампасы. Дененин муктаждыгына жараша ал минералдарды сактап койот же мурда сактап койгондорун денеге берет. Мындан тышкары, кызыл кан клеткалары сөөктөр тарабынан өндүрүлөт.
Жалпы скелет системасы өз кызматына өтө ыңгайлуу жасалган жана скелетти түзгөн сөөктөрдүн түзүлүшү да кемчиликсиз. Денени көтөрүү жана коргоо сыяктуу маанилүү кызматты аткарган сөөктөр бул ишти эч кыйынчылыксыз жасай турган кубаттуулукта жана бекемдикте жаратылган. Дене туш болушу ыктымал болгон оор кырдаалдар да эске алынган. Мисалы, кашка жилик тик турганда бир тонна салмакты көтөрө алат. Ар кадам таштаганыбызда бул сөөгүбүзгө дене салмагыбыздын үч эсесиндей жүк түшөт. Ал тургай, таяк менен бийик секирген бир спортсмен жерге түшкөндө кашка жиликтин ар бир сантиметр квадратына 1400 килограммдык басым түшөт. Бир клетканын бөлүнүшү натыйжасында келип чыккан, сөөк деп аталган бул түзүлүштү мынчалык күчтүү кылган эмне? Бул суроонун жообу сөөктөрдүн теңдешсиз жаратылышында жашырылган.
Муну жакшыраак түшүнүү үчүн учурдагы технологиядан бир мисал берүү туура болот. Чоң жана бийик имараттарды курууда капас (тор) системалары колдонулат. Бул курулуш ыкмасында имараттын устундары бир блок абалында эмес, бир-биринин ичинен өткөн, капас (тор) формасындагы чыбыктардан турат. Компьютерлер гана жасай алган татаал эсептөөлөр натыйжасында чоң көпүрөлөр менен өндүрүш имараттары өтө бекем жана бир топ арзанга курулууда.
Сөөктөрдүн ички түзүлүшү да адамдар имараттар менен көпүрөлөрдө колдонгон ушундай капас системасына окшош түзүлүшкө ээ. Маанилүү бир айырмасы бар: сөөктүн ичиндеги система адамдар иштеп чыгаргандан бир топ жогору жана татаал. Натыйжада сөөктөр бир жагынан өтө чыдамкай, экинчи жагынан колдонууга ыңгайлуу жеңил. Эгер тескерисинче болгондо, б.а. сөөктөрдүн ичи сыртындай катуу жана ичи толо болгондо, сөөктүн салмагы да адам көтөрө алгандан өтө жогору болмок жана сөөктүн түзүлүшү да өтө катуу болуп, кичине эле соккуда жарака кетип, сынмак.
Сөөктөрүбүздүн мындай кемчиликсиз түзүлүшү биздин эч кыйынчылыксыз өмүр сүрүшүбүзгө, өтө татаал кыймыл-аракеттерди да эч кыйынчылыксыз, эч оору сезбестен жасашыбызга шарт түзүүдө. Сөөктүн түзүлүшүнүн дагы бир касиети – бул дененин керектүү жерлеринде ийкемдүү болушу. Мисалы, көкүрөк сөөгү жүрөк жана өпкө сыяктуу негизги органдарды коргойт жана, экинчи тарабынан, өпкөлөргө аба толуп, кайра чыгып турушу үчүн кеңейип, кысыла алат.
Сөөктөрдүн ийкемдүүлүгү убакыттын өтүшү менен өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, аялдарда уча курчоосу (жамбаш тараптагы) сөөктөрү кош бойлуулуктун акыркы периодунда жумшарып, бир-биринен бир аз алыстайт. Бул өтө маанилүү кубулуш, себеби ушундай жумшаруу натыйжасында наристенин башы төрөт учурунда кысылбай сыртка чыга алат.
Сөөктөгү кереметтер ушулар менен эле чектелбейт. Сөөктөр ийкемдүүлүк, чыдамкайлык жана жеңилдиктен тышкары, өздөрүн оңдоо касиетине да ээ. Бул дагы денедеги көптөгөн процесстер сыяктуу, миллиондогон клетканын ортоктошуп иштеши аркылуу болот.
Скелеттин кыймылдоо жөндөмүнө да токтолуу керек. Ар кадам таштаганыбызда омурткабызды түзгөн шакектер бир-бири үстүндө кыймылдашат. Мындай тынымсыз кыймыл жана сүрүлүүлөр омуртка шакектеринин тытылышына жол ачпашы үчүн ар бир шакектин арасына диск деп аталган бекем кемирчектер орнотулган. Ал дисктер амортизатор кызматын аткарат. Ар кадам таштаганда жерден денеге дене салмагынан келип чыккан бир жооп күчү келет. Ал күч омурткадагы амортизаторлор жана «күчтү таратуучу» бүктөлүштүү формасы себептүү денеге зыян тийгизбейт. Эгер ал жооп күчүн азайтуучу ийкемдүүлүк менен өзгөчө түзүлүш болбогондо, ал күч түздөн-түз баш сөөгүнө өтмөк жана омуртканын үстүңкү учу баш сөөктөрдү талкалап мээнин ичине кирип кетмек.
Сөөктөр бир-бирине уланган жерлерде да жаратуу далилдери бар. Муундар өмүр бою кыймылдаса да, майлоо талап кылбайт. Биологдор мунун себебин изилдешти: муундардагы сүрүлүү кантип жөнгө салынат?
Илимпоздор мунун «анык бир жаратуу керемети» деп атоого боло турган бир система аркылуу чечилгенин көрүштү: муундардын сүрүлүүчү беттери ичке жана тешикчелери бар бир кемирчек катмары менен капталган, жана ал катмарлардын астында илээшме жана жылмакай бир суюктук болот. Сөөк муундун бир жерине басым жасаса, бул суюктук тешикчелерден сыртка атып чыгып, муундун бетинин «майдай» сыйгаланышына шарт түзөт.
Булардын баары адам денесинин кемчиликсиз жаратылганын көрсөтөт. Адам ушундай кемчиликсиз жаратылган скелет системасы себептүү ар кандай кыймылдарды өтө ылдам жана эч кыйынчылыксыз жасай алат.
Бүт баарынын мынчалык кемчиликсиз болбогонун, мисалы бутубуздун бир гана узун сөөктөн турганын элестетиңиз. Басуу өтө кыйын болуп калмак жана денебиз кыймылсыз, одоно болмок. Бир жерге отуруу да өтө кыйындап, мындай кыймылдар учурундагы кыйынчылыктар себебинен бут сөөгү оңой эле сынып кетмек. Бирок адам скелети дененин ар кандай кыймылына өтө ыңгайлуу түзүлүшкө ээ.
Скелеттин бүт өзгөчөлүктөрүн Аллах жараткан жана дагы эле жаратууда. Аллах адамды бул чындык жөнүндө ойлонууга төмөнкүчө чакырат:
Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди?... (Бакара Сүрөсү, 259)
Адамдын милдети – бул чындык жөнүндө ой жүгүртүп, аны жараткан Аллахтын кудуретин түшүнүп, Ага шүгүр кылуу. Мындай кылбаса чоң жоготууга учурайт. Сөөктөрдү алгач жаратып анан аларга эт кийгизген Аллах муну дагы бир жолу кылууга кудуреттүү. Бул чындык Куранда төмөнкүдөй айтылат:

Адам Биздин аны бир тамчы суудан жаратканыбызды көрбөйбү? Эми ал апачык бир душман болуп калды. Өзүнүн кантип жаратылганын унутуп, Бизге бир мисал берип; (мындай) деди: «Чирип-талкаланганда бул сөөктөрдү ким тирилтет экен?» Айткын: «Аларды алгачкы жолу жаратып-кураган тирилтет. Ал ар түрдүү жаратууну билет.» (Йасин Сүрөсү, 77-79)

Денедеги координация

Адам денесинде дене өмүрүн улантышы үчүн бүт системалар чогуу, бир-бири менен байланышта жана толук шайкештикте иштейт. Күн сайын жасаган кыймыл-аракеттерибиз, мисалы, дем алуу, күлүү да адам денесиндеги кемчиликсиз координациянын бир натыйжасы.
Ичибизде тынымсыз иштеген, укмуш комплекстүү бир координация тармагы бар. Анын максаты – өмүрдү улантуу. Мындай координация өзгөчө дененин кыймыл системасында байкалат. Себеби эң жөнөкөй кыймыл-аракет үчүн да скелет системасы, булчуңдар жана нерв системасынын укмуш кызматташтыкта иштеши шарт.
Денедеги координациянын биринчи шарты туура маалымат алуу. Туура маалыматтар алынганда гана абалды анализ кылууга болот. Бул үчүн өтө өнүккөн бир кабар алуу тармагы бар.
Координациялуу бир кыймыл-аракетти жасай алуу үчүн эң биринчиден ал кыймыл менен байланыштуу дене органдарынын абалын жана бир-бири менен болгон байланышын билүү керек. Мээге мындай маалымат көздөрдөн, ички кулактагы тең салмактуулук механизминен, булчуңдардан, муундардан жана териден барат. Ар секунда миллиарддаган маалымат каралып, анализ кылынат жана ошого жараша жаңы чечимдер алынат. Адам болсо өз денесинде болуп жаткан мындай укмуш бат процесстерден кабары да болбойт. Ал кыймылдап, күлүп, сүйлөп, чуркап, тамак жейт жана ойлонот. Бул процесстер жасалышы үчүн эч нерсе кылбайт. Мисалы, жөнөкөй бир күлүмсүрөө үчүн да он жети булчуң чогуу иштеши зарыл. Ал булчуңдардын бирөөсүнүн иштебеши же туура эмес иштеши жүз мимикасын толук өзгөртүп салат. Басуу үчүн болсо буттардагы, сандардагы, жамбаштагы, чурайдагы жана белдеги элүү төрт булчуң гармонияда иштеши зарыл. Булчуңдар менен муундардын ичинде дененин ошол учурдагы абалы жөнүндө маалымат берүүчү миллиардаган кичинекей, микроскопиялык сенсорлор бар. Ал сенсорлордон келген маалыматтар борбордук нерв системасына жетип, ал жердеги анализге жараша жаңы буйруктар жөнөтүлөт.
Денедеги координациянын кемчиликсиздигин төмөнкү мисал менен жакшыраак түшүнүүгө болот: колуңузду асманга көтөрүү үчүн эле далыңыз бүгүлүп, «бицепс» жана «трицепс» деп аталган алдыңкы жана арткы кол булчуңдарыңыз катары менен жыйрылышы, чыканагыңыз менен билегиңиз арасындагы булчуңдар билекти айландырышы зарыл. Кыймылдын ар бир этабында бул булчуңдардын ичиндеги миллиардаган сенсорлор тынымсыз булчуңдардын абалдарын борборго билдирет. Борбордон болсо булчуңдарга бир саамдан соң эмне кылуу керек экени билдирилет. Албетте, адам булардын баарын сезбейт, болгону колун көтөрүүнү каалап, аны көтөрөт.
Мисалы, дене тик турушу үчүн бут булчуңдарында, буттарда, белде, курсакта, көкүрөктө, моюнда жайгашкан миллиарддаган сенсордон келген маалыматтар анализ кылынып, ал буйруктардын баары ар секунда булчуңдарга жиберилет.
Сүйлөө үчүн да атайын аракет кылышыбыз талап кылынбайт. Каалаган сөздөрүбүз оозубуздан чыгышы үчүн тыбыш байламталарынын кандай бурчта, канчалык титиреши керек экенин, оозубуздагы, тилибиздеги, тамагыбыздагы жүздөгөн булчуңдан кайсыларын, кандай катар менен канча жолу, кандай өлчөмдө кыймылдатаарыбызды, өпкөлөрүбүзгө канча сантиметр куб аба алып, ал абаны кандай ылдамдык жана интервал менен чыгарышыбыз керек экенин эсептеп отурбайбыз. Кааласак да муну кыла албайбыз! Себеби оозубуздан чыккан бир сөз дагы адамдын дем алуу системасынан нерв системасына, булчуңдарынан сөөктөрүнө чейин көптөгөн органдардын гармониялуу иштешинен пайда болот.
Бул координацияда бир кемчилик кетсе эмне болот? Жылмаюуну каалаганыбызда жүзүбүздө башка бир мимика пайда болушу мүмкүн же сүйлөгүбүз келгенде сүйлөй албай калышыбыз ыктымал же баса албай калышыбыз мүмкүн. Бирок качан кааласак күлөбүз, сүйлөйбүз, баса алабыз, эч маселе чыкпайт. Себеби бул жерде айтылгандардын баары «чексиз кудуретти» талап кылган бир Жаратылуу натыйжасында болот.
Ошондуктан адам бүт өмүрү жана бүт нерсеси үчүн аны жараткан Аллахка карыздар экенин дайыма билиши зарыл. Адамдын мактана турган, бой көтөрө турган эч нерсеси жок. Андагы күч, ден-соолук же сулуулук өзүнүн чыгармасы эмес, жана ага түбөлүккө да берилген эмес. Сөзсүз картайып, сөзсүз ден-соолугунан жана сулуулугунан ажырайт. Куранда бул чындыкка төмөнкүчө көңүл бурулган:

Силерге берилген бардык нерселер – жалаң гана дүйнө жашоосунун алдамчы кооздугу. Аллах Кабатында болгондор – жакшыраак жана түгөнгүс. Дагы эле акылыңарга келбейсиңерби? (Касас Сүрөсү, 60)

Эгер булардын алда канча жакшысына, түбөлүктүү акыретте жетүүнү кааласа, Аллах ага берген жакшылыктарга шүгүр кылып, Ал каалагандай өмүр сүрүшү керек.
Бул мисалдардан да көрүнүп тургандай, адам денесиндеги органдардын жана системалардын баары «кереметтүү» өзгөчөлүктөргө ээ. Ал өзгөчөлүктөрдү изилдегенде адам өмүрүнүн канчалык так эсептерге таянганын жана жаратылуусундагы кереметтерди көрөт жана Аллахтын чексиз илими менен адамдагы кемчиликсиз чеберчилигин дагы бир жолу түшүнөт.

Мээ

Мээ ар бир сантиметр кубунда 10 миллион (10.000.000), жалпысынан болсо 10-15 миллиард нерв клеткасын камтыйт. Ошондой эле, саны нерв клеткаларынан миң эсе көп, б.а. орточо 15 триллион (15.000.000.000.000) нерв клеткасы байланышына ээ. Нерв клеткалары менен байланышта аларды азыктандырган жана аларга көмөк көрсөткөн клеткалардын (мээ бириктиргич кыртышы) саны болсо 90 миллиарддын (90.000.000.000) тегерегинде.


нейрон

Нервдер аркылуу мээге келген кабарлар саатына 200 миль (320 км) ылдамдыкта жол жүрөт. Б.а. мээ клеткаларынан денеге келген нервдерибиз мээ менен дененин арасында барып-келген маалыматтар үчүн бир трасса кызматын аткарат. Денеңизде дайыма болуп турган окуялар, мисалы;
Азыр сиз бул китепти окуп жатып көздөрүңүздү колдонушуңуз,
Беттерди колуңуз менен баракташыңыз,
Отурганда артка сүйөнүшүңүз,
Окуган нерселериңизди түшүнүшүңүз,
Жүрөгүңүздүн согушу,
Дем алышыңыз,
Көздөрүңүздү ирмешиңиз,
Чачтарыңыздын өсүшү,
Жыттарды сезишиңиз,
Кулагыңыздын айланадагы үндөрдү угушу,
Кыскасы, бир китеп бою санап да түгөтө албай турган кыймыл-аракеттериңиздин баары тынымсыз мээге барган сигналдар жана мээнин дененин бүт тарабына бир-бирден жөнөткөн буйруктары аркылуу уланат. (1 мүнөттүн ичинде мээде 100.000 менен 1.000.000 арасында химиялык реакция болоору аныкталган.)
Ушунчалык комплекстүү жана кемчиликсиз бир системаны кокустан пайда болгон деп айтуу акылга сыйбайт. Мээси жок бир жандыктын бир күнү кокустан жарым иштеген бир мээлүү болуп калышы, андан соң ал жарым иштеген мээнин жогоруда санап өтүлгөн кереметтүү процесстерди жасай ала турган абалга өрчүп жетиши, албетте, мүмкүн эмес.
Мээнин бүт кереметтүү жөндөмдөрүн жаратып, башкарып турган жалгыз күч – Аллахтын күчү. Аллах адам деген жандыкты кемчиликсиз механизмдер менен жабдыган жана дайыма контролу астында өмүр сүрдүрүүдө.

ЖАНЫБАРЛАР ЖАНА ӨСҮМДҮКТӨР

Дүйнөдөгү миллиондогон өсүмдүк жана жаныбар түрлөрү Жараткандын бар экенин жана кудуретин далилдеген далилдер болуп саналат.
Бул жерде бир канча гана мисал келтирилгени менен, негизи бул жандыктардын ар бири өзүнчө анализ кылынышы керек. Ар биринин өзүнчө бир дене системасы, ар кандай коргонуу тактикалары, ар башка тамактануу ыкмалары, кызыктуу көбөйүү методдору бар. Албетте, бүт жандыктарды мындай өзгөчөлүктөрү менен бир китепте баяндап берүү мүмкүн эмес. Бул үчүн канчалаган томдук энциклопедия жазуу керек болот.
Бирок бул жерде берилген бир канча мисал дагы дүйнөдөгү жашоону кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбостугун далилдейт.

Курттан көпөлөккө

Сиздин 450-500дөй жумурткаңыз болсо жана аларды сыртта сакташыңыз керек болсо эмне кылмаксыз? Алардын шамал сыяктуу табигый шарттардын таасиринен чачылып кетишине каршы чара көрүү, албетте, эң акылдуу жол болмок. Дүйнөнүн бир жолуда эң көп жумуртка тууган жандыктарынын бири болгон жибек көпөлөктөрү (450-500) жумурткаларын сактоо үчүн ушундай өтө акылдуу бир ыкманы колдонот: жумурткаларын өзү чыгарган жабышчаак бир зат менен (жип менен) бир-бирине байлап, ар тарапка чачылып кетишинин алдын алат.
Жумурткадан чыккан курттар биринчи кезекте өздөрүнө ыңгайлуу бир бутак таап, андан соң ошол эле жип менен ага карманышат. Андан соң өрчүү үчүн чыгарган бул жип менен өздөрүнө була өрүп башташат. Жаңы чыккан бир курттун бул ишти жасашы эч тынымсыз 3-4 күнгө созулат. Бул мөөнөт ичинде курт миңдеген жолу айланып, орточо 900-1500 метр узундукта бир жип чыгарат.17 Бул процесс бүткөндө болсо эч эс албай жаңы бир жумушту баштайт жана кооз бир көпөлөккө айлануу үчүн өзгөрүүдөн өтөт.
Эне көпөлөктүн баласын коргоо үчүн көргөн чарасын да, баарынан бейкапар, али эч кандай таалим албаган, эч маалыматы жок кичинекей бир курттун иш-аракеттерин да эволюция менен эч түшүндүрүүгө болбойт. Эң биринчиден, эненин жумурткаларды жабыштырууда колдонгон жипти өндүрө алышы өзүнчө бир керемет. Жумурткадан жаңы чыккан бир курттун өзүнө керектүү шартты таанып, ошого ылайык була (кокон) өрүшү, андан соң өзгөрүүдөн өтүп башташы жана мындай өзгөрүүдөн эч көйгөйсүз өтүшү болсо өтө чоң керемет. Демек, бүт курттар дүйнөгө эмне кылышы керек экенин билген абалда келет; анда булардын баары ага дүйнөгө келе электе «үйрөтүлгөн» болот.
Муну бир мисал менен түшүндүрөлү. Эгер жаңы төрөлгөн бир наристе төрөлгөндөн бир канча сааттан соң өйдө туруп, өзүнө бир жата турган орундук даярдоо үчүн материал (жууркан, жастык, диван ж.б.) чогултуп, аларды жакшылап жайгаштырып, өзүнө орундук даярдап, ичине жатканын көрсөңүз, кандай ойго келмексиз? Окуяга таң калып өзүңүзгө келген соң бул наристе бул ишти жасоо үчүн эне курсагында жаткан кезде кандайдыр бир жол менен «таалим алган экен» деген ойго келесиз. Курттардын абалы ушул мисалдагы наристеге окшошот.
Бул да бизди бир эле жыйынтыкка алып барат: бул жандыктар аларды жараткан Аллахтын белгилегениндей төрөлүп, Ал белгилеген иш-аракеттерди жасап, Ал белгилегендей жашашат. Куранда Аллахтын бал аарыга вахий кылаары жана ага бал жасоону буйруганы кабар берилип, негизи жандыктар дүйнөсүндөгү улуу сырдын бир мисалы айтылган (Нахл Сүрөсү, 68-69). Бул сыр – бүт жандыктар Аллахтын эркине моюн сунуп, Ал белгилеген тагдыр менен жашайт деген сыр. Аары ошол себептен бал жасайт, жибек курту ушул себептен жибек чыгарат.





Канаттардагы симметрия

Сүрөттөрдөн көпөлөктөрдүн канаттарын жакшылап караганда кемчиликсиз бир симметриянын бар экенин көрөбүз. Мындай тюль көрүнүшүндөгү канаттар сүрөттөр менен жана ар кандай түстөр менен кооздолуп жаратылган жана натыйжада ар бири өзүнчө бир искусство кереметине айланган.
Көпөлөктөрдүн канаттарын караганыңызда канчалык татаал болбосун, эки тараптагы дизайн менен түстөрдүн бир-бирине опокшош экенин байкайсыз. Кичинекей бир чекит да эки канатта тең болот, жана натыйжада кереметтүү бир тартип менен симметрия келип чыгат.



Ошол эле учурда, ипичке канатардагы бир түс экинчисине эч качан аралашпайт жана түстөр так сызыктар менен бир-биринен бөлүнгөн. Бирок ал түстөр үстү-үстүнө тизилген үлпүлдөктөрдүн жыйындысынан түзүлөт. Колуңуз тийээр замат чачырап кеткен үлпүлдөктөр кантип өз кезегинен эч жаңылбай, эки канатта тең бирдей дизайнды түзө тургандай кылып тизиле алышат? Бир эле үлпүлдөктүн ордунун алмашышы да канаттардагы симметриянын бузулушуна жана сулуулуктун жоголушуна себеп боло алат.
Бирок жер жүзүндөгү эч бир көпөлөктүн канатында эч кандай башаламандык көрө албайсыз. Баары бир сүрөтчүнүн колунан чыккандай болуп тартиптүү жана кооз көрүнүштө. Себеби чындап эле улуу бир Жаратуучунун –Аллахтын- чыгармасы.




Эң узун моюндуу жаныбар: жираф

Жирафтардын өтө таң калыштуу өзгөчөлүктөрү бар. Алардын бири – ушунчалык узун моюндарынын башка бүт сүт эмүүчүлөр сыяктуу болгону 7 омуртка менен көтөрүп жүрүлүшү. Таң калаарлык дагы бир өзгөчөлүгү болсо – денелеринин узун мойнунун үстүндө жайгашкан мээлерине кан жеткирүүдө кыйналбашы. Бир аз ой жүгүрткөндө, анчалык алыс жерге канды насостоонун кандай кыйын экенин көрүүгө болот. Бирок жирафтар мында көп кыйналышпайт, себеби жүрөктөрү канды керегинче алыска насостой ала турган өзгөчөлүктөргө ээ. Бул болсо алардын эч кыйынчылыксыз өмүр сүрүшүнө шарт түзөт.
Бирок эми башка бир кыйын жагдай туулат: бул – алардын суу ичкен учуру. Жирафтар суу ичүү үчүн эңкейгенде негизи кан басымына чыдай албай, мээсине кан куюлуп өлүшү керек эле. Бирок моюндарындагы кемчиликсиз система аркылуу бул риск толук жоюлган: жерге ийилгенде моюн тамырларындагы капкакчалар жабылып, мээге ашыкча кандын барышына бөгөт коюлат.
Албетте, жирафтар мындай өзгөчөлүккө өздөрүнүн муктаждыгын түшүнүп, пландап жетишишкен эмес. Мындай маанилүү өзгөчөлүктөрдү убакыттын өтүшү менен акырындап эволюция процесси менен пайда болгон деп айтканга да болбойт. Себеби бир жираф жашай алышы үчүн сөзсүз мээсине канды жеткире турган бир насостоо системасы жана эңкейгенде күчтүү кан басымына бөгөт боло турган капкак системасы болушу шарт. Булардын бири болбосо же толук иштебесе, жираф жашай албайт.
Булардан жираф түрүнүн бүт өзгөчөлүктөрү менен бирге дүйнөгө келгенин түшүнөбүз. Али пайда боло элек бир жандыктын өз денесин башкарып, керектүү өзгөчөлүктөрдү пландап, аларга жетишиши болсо, албетте, мүмкүн эмес. Булар, эч талашсыз, жирафтарды улуу кудуреттүү Аллахтын жаратканын апачык далилдейт.

Суу ташбакалары

Океандарда жашаган суу ташбакалары көбөйүү убактысы келгенде, жээкке жөнөшөт. Бирок бул кандайдыр бир жээк эмес. Төрөө үчүн келген жээги өздөрү төрөлгөн жээк болушу керек.18 Бул үчүн кээде 800 километр жол жүрүүгө мажбур болушат. Бирок сапардын узун жана кыйын болушу эч нерсени өзгөртпөйт, кандай гана болбосун өздөрү төрөлгөн жээкке жетишет.
Төрөлөөр замат ал жерден кеткен бир жандыктын 20-25 жылдан кийин ал жерди кайра таба алышын, албетте, эволюция менен же кокустук менен түшүндүрүүгө болбойт.19 Болгондо да, бүт тарабы бир-бирине окшош океандын түбүндө, бир-бирине окшош жээктердин арасынан төрөлгөн жеринин багытын таба алышы керемет.
Аягында миңдеген компассыз жолоочу бир убакта бир жээкте чогулат. Башында себеби толук түшүнүксүз болгон мындай өжөр жолугушуунун түпкү себептери адамдарды таң калтырды. Ташбакалар балдарынын деңиз шарттарынын ичинде аман калышынын кыйын экенин билгени үчүн жумурткаларын жээкте кумдардын астына көмүшөт. Бирок эмне үчүн бир убакта, бир жээкке чогулушат? Бул ишти ар кайсы убакта, ар кайсы жээкте кылышса, балдары аман кала алышпайт беле? Муну изилдегендер өтө кызыктуу нерсени көрүшкөн. Кумдардын астындагы миңдеген ташбака балдары баштарындагы катуу муштум менен жумуртканы сындырган соң, дагы бир канча оор тоскоолдуктан өтүшү керек болот. Орточо 31 граммдык ташбака балдары үстүлөрүндөгү топурак кабатын өздөрү жалгыз каза алышпайт, ошондуктан жумурткадан чыккан ташбака балдары бир-бирине жардам беришет. Жээктеги миңдеген балапан бирдей топуракты казып баштаганда бир канча күндө кумдун бетине чыга алышат. Бирок жер үстүнө чыгаардан мурда белгилүү убакытка токтоп, баары чогуу түн болушун күтүшөт. Себеби күндүзү жырткыч канаттууларга жем болуу ыктымалдыгы бар. Мындан тышкары, күндүзү күн нурунан ысыган кумдарда сойлоп жылуу аларга өтө оор болот. Түн болгондо казуу ишин аяктап, жер бетине чыгышат. Караңгы болсо да, деңиздин багытын таап, тездик менен ал тарапты көздөй жөнөшөт жана 20-25 жылдан соң кайра кайта турган жээктен алысташат.
Жаңы дүйнөгө келген бул балапандардын жумурткадан чыкканда топуракты казып жогору чыгуу жана белгилүү убакытка токтоо керек экенин билиши мүмкүн эмес. Топурактын астынан туруп сыртта түн же күндүз экенин, жырткыч канаттуулардын бар экенин жана аларга жем болушу мүмкүн экенин, күндөн улам топурактын ысык экенин жана мунун аларга зыян тийгизээрин, тездик менен сууну көздөй жөнөшү керек экенин билиши, албетте, мүмкүн эмес. Алардын мындай акылдуу кыймыл-аракеттери кайдан келип чыгат анда?
Албетте, бир гана жооп бар: бул ташбака балдары ошондой кыймыл-аракетти жасай турган кылып жаратылышкан. Б.а. аларды жараткан Улуу Аллах өз өмүрүн сактай турган бир инстинктти аларга илхам кылган.

Бомбалоочу коңуз

Курт-кумурскалар арасында эң көп изилденгендердин бири – бул бомбалоочу коңуз. Коңузду мынчалык популярдуу кылган өзгөчөлүгү болсо – бул өзүн душмандарынан химиялык ыкмаларды колдонуп коргошу.
Коңуз коркунуч учурунда өзүн коргоо үчүн денесиндеги суутек кычкылы (пероксиди) менен гидрохинонду душмандын үстүн көздөй чачат. Бул эки зат коңуздун денесиндеги эки секреция бези тарабынан чыгарылат. Чыгарылган заттар сактоо бөлмөчөлөрү деп аталган эки атайын бөлмөдө чогултулат. Ал эки бөлмө тең жарылуу бөлмөчөсү беп аталган экинчи бир бөлмөгө уланат. Эки бөлүм бир-биринен бир булчуң менен тосулган. Коңуз бир коркунуч туулганын түшүнгөндө ал булчуңду кысат жана сактоо бөлмөчөлөрүндөгү эки зат жарылуу бөлмөчөсүнө өтөт. Ал жердеги ферменттердин да таасири менен көп санда жылуулук келип чыгат жана бул бөлмөдө бир буулануу пайда болот. Мындан келип чыккан буу менен кычкылтек газы ал бөлмөнүн капталдарына басым жасап, ортодогу булчуң аркылуу бул химиялык зат душманга чачыратылат.20
1. Суутек кычкылы; 2) Гидрохинон; 3) Жарылуу бөлмөсү; 4) 100 градустук кайнак газдын чыгышы

Бир коңуздун ичинде ушунчалык күчтүү жана өзүнө зыяны тийиши мүмкүн болгон химиялык реакция жасай турган бир системанын болушу, өзүн болсо ал системанын зыянынан изоляция кыла алышы дагы эле изилдөөчүлөр үчүн табышмак бойдон калууда. Эч күмөнсүз, бул системанын бар болушун жана иштешин коңуздун өзүнө тиешелүү дегенге болбойт. Мындай бир системаны адистер лабораторияларда гана жасай алышат, ошондуктан бомбалоочу коңуздун муну 2 сантиметрлик денесинде кантип жасай алаары дагы эле талаш бойдон калууда.
Бир чындык апачык көрүнүп турат: бул коңуз эволюция теориясын толук кыйратуучу так бир далил. Себеби мындай комплекстүү химиялык системанын бир катар туш келди өзгөрүүлөр натыйжасында пайда болушу жана келечек урпактарга өткөрүлүп берилиши мүмкүн эмес. Эгер системанын бир эле бөлүгүндө бир кемчилик кетсе же бир «бузулуу» болсо, бул коңуздун коргоосуз калып өлүшү же өзүн-өзү жарып салышы менен аяктайт. Демек, коңуздун денесиндеги бул химиялык курал бүт бөлүктөрү менен бирге бир учурда жана толугу менен пайда болгон.

Термит уялары

Эч ким бир термит колониясынын жер бетине курган уясын көргөндө таң калбай өтө албайт. Себеби бир термит уясы – бою болжол менен 5-6 метрге чейин жеткен бир архитектура керемети.
Бир термиттин бою менен курган уянын боюн бир-бирине салыштырганыңызда өзүнөн болжол менен 300 эсе чоң бир архитектура долбоорун ийгиликтүү ишке ашырганын көрөсүз. Бирок мунун мындан да таң калыштуу тарабы бар: термиттер сокур болушат.21
Сокур термиттер курган мынчалык чоң уяларды мурда көрбөгөн бирөө кумдардын үстү-үстүнө жыйылып калышынан пайда болгон го деп ойлойт. Бирок термиттин уясы адамды өтө таң калтыра турган бир кереметтүү долбоорго ээ. Термит уясынын ичинде татаал туннельдер, жолдор, желдетүү системалары, атайын козу карын өстүрүүчү бакчалар жана коопсуздук эшиктери бар.
Көзү көрбөгөн миңдеген адамды топтоп, ар кандай техникалык шаймандарды колдоруна берсеңиз да, эч качан бир термит колониясы курган уяга окшош бир имаратты кура алышпайт. Андай болсо ойлоп көрүңүз;
- Бою 1-2 см болгон бир термит ушунчалык кылдат бир дизайн жасай ала турган архитектура жана инженерия илимдерин кантип үйрөнгөн болушу мүмкүн?
- Көзү көрбөгөн миңдеген термит мындай искусство кереметин куруу үчүн кантип гармонияда иштөөгө жетишишкен?
- Курулуп башталган бир термит уясын башталыш этабында ортосунан экиге бөлүп коюп, кийин кайра бириктирсеңиз, бүт өтмөлөрдүн, каналдардын жана жолдордун бир-бирине дал келгенин көрөсүз. Бул кереметтүү көрүнүштү кантип түшүндүрүүгө болот?
Бул жерден мындай жыйынтык чыгат: Аллах жараткан жандыктарын теңдешсиз жана өрнөксүз жараткан жана бир эле термит уясы дагы адамдын Аллахты түшүнүшүнө жана бүт нерсени Аллахтын жараткандыгына ишенишине жетиштүү болот.

Тоңкулдак

Белгилүү болгондой, тоңкулдактар уяларын тумшуктары менен уруп тешкен дарак оюктарына курушат. Бул көп адамдар үчүн көнүмүш бир нерсе болушу мүмкүн. Бирок көп адамдар бул жандыктар баштары менен ушунчалык катуу соккуларды урганына карабастан, кантип мээлерине кан куюлуп кетпейт деп ойлонбойт. Себеби тоңкулдактын кылган иши бир адамдын дубалга башы менен мык кагышына окшошот. Адам муну кылганга аракет кылса, албетте, алгач мээси чайкалып, анан мээсине кан куюлат. Бирок бир тоңкулдак катуу бир даракты 2,10 секундадан 2,69 секундага чейин 38-43 сокку менен ойо алат жана өзү мындан эч нерсе болбойт.22
Эч нерсе болбойт, себеби тоңкулдактын баш түзүлүшү бул ишке ылайыктуу жаратылган. Тоңкулдактын башы соккунун күчүн азайтуучу жана сиңирүүчү бир «суспензия (асма)» системасына ээ. Тумшукка жана астыңкы жаак муунуна уланган кээ бир баш булчуңдары менен маңдайы ушунчалык күчтүү түзүлүштө болгондуктан, бул касиеттер чокулоо учурунда тартылуу күчүнүн жана басымдын натыйжасында соккуларды өз убагында жеңилдете алышат.23
Эсеп менен тартип ушуну менен эле чектелбейт. Жашаш үчүн атайын карагайды тандаган тоңкулдактар бир даракты тешип баштаардан мурда алгач ал дарактын жашын карашат жана 100 жаштан өткөндөрдү тандашат. Себеби 100 жаштан өткөн карагайлар тулку бойлорун орогон катуу жана калың кабыктарынын жумшарышына себеп болгон бир ооруга чалдыгышат. Сиз балким эми гана уккан, илим жакынкы жылдары гана ачкан бул маалыматты тоңкулдактар кылымдардан бери билишет.
Тоңкулдактардын карагайларды тандашынын себеби бир эле ушунда эмес. Тоңкулдактар уяларынын четтерине чуңкурлар казышат. Башында эмне ишке жараары түшүнүксүз болгон бул чуңкурлардын кийинчерээк өтө чоң бир коркунучтан аларды сактаары белгилүү болду. Убакыттын өтүшү менен карагайлардан аккан жабышчаак желим бул чуңкурларды толтурат жана натыйжада тоңкулдактардын уяларынын айланасы алардын эң негизги душманы болгон жыландардан сактай турган бир көлмө менен тосулуп калат.
Тоңкулдактардын дагы бир өзгөчөлүгү; тилдери дарактардагы кумурска тешиктерине кире ала тургандай ичке, ал жерде жашаган кумурскаларды чогулта ала тургандай жабышкак болот. Мындан тышкары, тилдеринин кумурскалардын денелериндеги кислотанын аларга зыян тийгизишине бөгөт боло турган түзүлүштө болушу да алардын кемчиликсиз жаратылгандыгынын бир көрсөткүчү.24
Жогорудагы ар бир абзацта ар кандай өзгөчөлүгү каралган тоңкулдактар бүт өзгөчөлүктөрү менен «жаратылгандыгын» далилдешет. Себеби тоңкулдактар эволюция теориясы айткандай кокустуктар менен келип чыккан болгондо, мынчалык укмуш шайкештиктеги өзгөчөлүктөргө жете албай туруп өлүшмөк жана тукум курут болушмак. Бирок Аллах тарабынан жашай турган жашоосуна ылайыктуу бир тартипте жаратылгандыктан, бүт керектүү өзгөчөлүктөрү менен жашап башташкан.

Камуфляж

Жаныбарлардагы коргонуу тактикаларынын бири – бул камуфляж. Кээ бир жаныбарлар жашаган чөйрөсүнө өтө ылайыктуу жаратылган дене түзүлүштөрү менен өзгөчө коргоого алынышкан. Андай жандыктардын денелери жашаган чөйрөсүнө ушунчалык төп келгендиктен, сүрөттөн караганыңызда кээ бирлеринин өсүмдүккө же жаныбарга тиешелүү экенин түшүнүү же ал жерде турган жаныбарды айырмалай алуу дээрлик мүмкүн болбой калат.
Кийинки беттерде каралгандай, бир коңуз түрүнүн жалбыракка укмуш окшошушу душмандарынын аны байкабай калышына себеп болот. Албетте, ал кичинекей жандык коргонуу максатында өз денесин жалбыракка окшотуп алган эмес. Ал тургай, жалбыракка окшошкону үчүн коргоноорун да билбей болушу керек. Бирок камуфляж ушунчалык усталык менен жасалгандыктан, анын атайын жаратылган бир коргонуу тактикасы экени апачык көрүнүп турат.










Жасалма көздөр

Жаныбарлар ааламында бир адамдын оюна да келбей турган кызыктуу коргонуу ыкмалары бар. Мындай ыкмалардын бири – жасалма көздөр. Ар кандай көпөлөк, курт жана балык түрлөрү жасалма көздөрү аркылуу душмандарын өздөрүнүн «коркунучтуу» экенине ынандырышат.
Сүрөттөрдө берилген көпөлөктөр коркунуч туулганын сезээр замат канаттарын ачышат жана эки канатында тең душмандарын өтө чоочута турган бир жуп көз пайда болот. Ал көпөлөктөрдүн бирин жеш үчүн келген канаттуу болсо кокус чыга калган ал көздөргө өтө таң калып артка качат.


Ойлоп көрөлү: өтө реалдуу мындай көз сүрөттөрү кокустан пайда болушу мүмкүнбү? Болгондо да, бул көпөлөк канаттарын ачканда бир жуп чоочута турган көздүн пайда болоорун жана ал сүрөттүн душманын коркутаарын кайдан билет? Көпөлөк канаттарындагы бул сүрөттү көрүп, анан ал сүрөттүн чоочута турган сүрөт экенин түшүнүп, бир коркунуч убагында колдонсом болот экен деп чечиши мүмкүнбү? Албетте, мынчалык ынандырарлык бир сүрөт кокустан пайда болбойт, жаратылган гана болушу мүмкүн. Мындан тышкары, албетте көпөлөк өз канаттарындагы сүрөттөн кабардар, аны бир коргонуу тактикасы катары өзү ойлоп тапкан дегенге да такыр болбойт. Көпөлөктү жараткан Аллах анын денесинде ушундай бир сүрөт жаратып, ага коркунуч учурунда бул сүрөттү колдоно турган инстинктти да илхам кылган.
 
Солдо чыныгы балык; оңдо жасалма көз

Уруктагы сыр

Миңдеген түрдүү өсүмдүктөрдүн арасынан кандайдыр бир апельсин дарагын карайлы. Дарак, белгилүү болгондой, топуракка ташталган бир уруктан чыгат. Урук кичинекей (бир сантиметр куб да чыкпаган) бир нерсе; бирок кандай болоору белгисиз ал уруктун ичинен кыска убакыт ичинде бою 4-5 метр жана салмагы жүздөгөн килограмм болгон бир дарак пайда болот. Уруктун өзүнө салыштырмалуу өтө чоң көлөмдөгү даракты жасоодо колдонгон жалгыз материалы болсо – бул ичине көмүлгөн топурак.
Бирок урук дарак жасоону кайдан билет? Кантип топурактын ичиндеги материалдарды бир-биринен айырмалап, керектүүлөрүн алып, бир даракты жасоо үчүн аларды колдонууга «акылы жетет»? Чыгарган дарагынын кандай формада жана түзүлүштө болушу керек экенин кантип болжой алат? Бул акыркы суроо өтө маанилүү. Уруктан кандайдыр бир тактай өсүп чыкпайт себеби. Урук ичинде тамырлар жайгашкан, топурактагы заттарды сиңирүү үчүн керектүү тамырлары бар жана үстүңкү бөлүгү бутактарга бөлүнгөн өтө мыкты долбоорлонгон бир жандуу зат чыгарат. Адам дагы жакшы бир дарак сүрөтүн тартуу керек болгондо кыйналат; дарактын тамырларындагы жана бутактарындагы майда-бараттарды тартуу оор иш, себеби. Ал эми урук болсо сүрөт тартуу мындай турсун, өтө комплекстүү даракты топурактагы материалдарды колдонуп, нөлдөн жасап чыгат.
Демек, урук өтө акылдуу, ал тургай, бизден да акылдуураак бир нерсе деген жыйынтыкка барабыз. Тагыраак айтканда, уруктун ичинде өтө таң калтырарлык бир акылдын жашырылганын түшүнөбүз. Бул акыл жана дарак пайда болушу үчүн керектүү маалымат урукка кайдан, кантип келген? Кантип кичинекей бир урук бир компьютер дискиндей болуп маалыматтарды сактай алат? Компьютер дисктери акылдуу, илимдүү адамдар тарабынан өндүрүлөт, алардагы маалыматтар да адамдар тарабынан даярдалып ичтерине жазылат. Урук да ушундай; Аллах тарабынан дарак жасай ала турган жөндөмдө жаратылган. Топуракка ташталган ар бир урук Аллахтын илими менен курчалган; Анын илими менен чоңойот. Бир аятта бул чындык төмөнкүчө кабар берилет:
Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыкта жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте бар. (Энъам Сүрөсү, 59)
Урукту жараткан да, топурактын ичине түшкөндө аны жарып ичинен жаңы бир өсүмдүктү чыгарган да Аллах. Башка бир аятта бул жөнүндө мындай деп айтылат:
Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах. Ал тирүүнү өлүүдөн чыгарат, өлүүнү болсо тирүүдөн чыгарат. Мына Аллах ушул. Андай болсо кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? (Энъам Сүрөсү, 95)
Башталгыч класстарда дээрлик бүт окуучуларга жасатылган белгилүү бир «эксперимент» бар: бала бир табактын ичине пахта толтуруп, ал пахталарды сууландырат жана араларына бир канча кургак фасоль же нокот таштайт. Бир канча күн өткөндө пахтанын ичиндеги уруктардын өнүп баштаганын көрөт. Бул негизи өтө таң калаарлык нерсе жана көп балдар муну көргөндө таң калат. Себеби пахтанын ичине салынган нокоттор же фасольдор канчалаган ай бою же канчалаган жыл бою бир каптын ичинде кургак бойдон турган, эч тирүүлүктүн белгиси жок нерселер болот. Бирок көп убакыттан бери турган бул катуу нерселерди нымдуу пахтанын ичине салганда бир заматта жан кирип, жаңы, жапжашыл бутактар өсүп чыгып баштайт. Бул уруктардын ылайыктуу шартка түшкөндө өнө турган кылып жаратылганы анык жана мүмкүнчүлүк болоор замат бул милдетти орундатышат. «Данекти жана урукту жаруучу – бул шексиз Аллах» деген аят бул кереметтүү окуянын сырын түшүндүрөт. Башка бир аятта болсо мындай деп айтылган:
Ал асмандан суу түшүрөт. Муну менен бүт нерсенин өсүмдүгүн өстүрөт, андан көгөргөн өсүмдүктөрдү, алардан болсо тизилген дандарды чыгаруудабыз. Жана курма дарагынын бүчүрүнөн да жерге самсаалаган бутакчалар, - бири-бирине окшогон жана окшобогон – жүзүмдөрдөн, зайтундан жана анардан бакчалар (кылуудабыз). Мөмөсүнө, түшүм бергенде жана жетилгенде бир карап көргүлө. Эч күмөнсүз, ыйман келтире турган бир коом үчүн мында чындыгында аяттар бар. (Энъам Сүрөсү, 99)
Аятта бизге түшүм бергенде жана жетилгенде Аллах топурактан чыгарган уруктардын мөмөлөрүнө карашыбыз буйрулууда. Чындап эле уруктун топурактан чыгышындай эле, мөмөнүн пайда болушу да кереметтүү кубулуш.

Топурактан сонун даамдын чыгарылышы

Уруктун ичинде пайда боло турган дарактын формасы менен түзүлүшү жөнүндө маалыматтын камтылганын айткан элек. Мындан да кызыгы урукта дарак өндүрө турган мөмөнүн маалыматтары да бар. Мөмө болсо өзүнчө бир керемет.
Мөмөнүн эң негизги өзгөчөлүгү, анын даамы адамга өтө жагат жана адамдын ден-соолугуна абдан пайдалуу. Ар бир мөмөнүн өзгөчө даамы жана жыты бар. Мындан тышкары, баарынын түстөрү өтө кооз жана жагымдуу. Ошондой эле, бүт мөмөлөр кемчиликсиз бир «пакет» менен оролгон; мандарин, апельсин же банан, баары өтө кооз жана аарчылышы оңой пакеттерге ээ.
Бирок негизи эч бир мөмө мындай болууга мажбур эмес. Мисалы, апельсин өтө ачуу болушу мүмкүн эле. Же даамы ушундай сонун болмок, бирок жыты өтө жаман болушу мүмкүн эле. Түсү да ылай өңүндө болушу мүмкүн эле. Бирок мөмөлөрдүн баарынын даамы жана жыты эң сонун. Эң кызыгы, даамы менен жытын топурактан алган заттардан чыгарышат. Топурактын болсо жыты жакшы эмес, даамы болсо жаман. Дарак ошол ылайдын арасынан өзүнө керектүү заттарды соруп, аларды химиялык процесстерден өткөрүп, сонун даам жана жыттарды чыгарышат.
Бул жерде дагы бир жагдай бар: дарак жакшы жыт жана даам жасайт деп жатабыз, бирок негизи бул кубулуш өтө комплекстүү. Себеби «жакшы жыт» же «жакшы даам» сыяктуу түшүнүктөр адамга тиешелүү түшүнүктөр жана дарак өзү бир даам же жыттын жакшы же жаман экенин биле албайт. Муну билиши үчүн адамдын сулуулук түшүнүктөрүн билиши керек болот. Адамдын эмнеден ырахат алаарын, кандай даамды жактыраарын, тил түзүлүшүнүн кандай экенин изилдеп чыгышы зарыл. Буларды аныктаган соң болсо, жогоруда айтылган ишти жасайт, б.а. ылайлардын арасынан чогулткан заттары менен кереметтүү бир химия кубулушун жасайт.
Дарактын кереметтүү жөндөмү жыт, даам же түс менен эле чектелбейт. Бул жыгач бөлүгү адам денесинин кайсы витаминдерге муктаж экенин да билет жана аларды өндүргөн мөмөсүнүн ичине кошот. Ал тургай, витаминдерди кошуунун мезгилдерге жараша жөнгө салынганын көрөбүз: кыш айларында мөмө берген апельсин, мандарин, грейпфрут сыяктуу мөмө түрлөрү жай мезгилдерине салыштырмалуу бир топ көп С витаминин камтыйт. Максат – кыштын суугунда адамга керектүү С витамини жетишсиздигин канааттандыруу.
Эми булар жөнүндө ой жүгүртөлү. Булардын баары кантип жана эмне үчүн болот? Кантип бир жыгачтан турган дарак жакшы даам жана жакшы жыт өндүрөт? Кантип адамдын жактырган нерселерин, кооздук түшүнүгүн, витамин муктаждыктарын билет жана ошого карап бир түшүм чыгарат?
Дарактын кылгандарын жасалма жол менен алууга аракет кылсак, өтө көп аракет кылышыбыз керек болот. Эң биринчиден, дарак өндүргөн даамды өндүрүү мүмкүн эмес; дүйнөдө топурактан мөмө жасаган бир аппарат али ойлоп табыла элек. Жытты гана ала алышыбыз мүмкүн. Алдыңкы технологиялуу бир лабораторияда көпкө созулган процесстер натыйжасында бир мөмөнүн жытын ала алабыз. Атырлар ушундай ыкма менен жасалат. Бирок атырлар да негизи толугу менен жасалма болбойт; бүт атырлар көптөгөн жыты сонун өсүмдүктөрдүн маңыздарынан пайдаланып жасалат. Кыскасы, адамзат колундагы бүт акылы жана технологиясы менен, өсүмдүктөрдөгү же дарактардагы сонун жытты алуу жөндөмүнө ээ эмес.
Ошондуктан бир мөмө дарагында же кандайдыр бир өсүмдүктө адамзат жете албаганчалык жогору бир акыл, маалымат жана технология бар. Мындай таң калыштуу жагдайдын бир гана түшүндүрмөсү бар: дарак кемчиликсиз жана улуу акыл, чексиз илим жана жөндөмдүүлүк ээси бир Жаратуучу тарабынан атайын долбоорлонгон. Максаты – адамдарга мөмө берүү, жана бул оор ишти тарыхтын башынан бери чоң ийгилик менен орундатып келүүдө. Даамы жаман, күрөң түстөгү топурактын ичинен дүйнөнүн эң даамдуу жана сонун жыттуу тамактарын чыгарат. Себеби Аллах аны ошол жумуш үчүн жараткан. Куранда бул жөнүндө мындай деп айтылат:

Өлүк топурак алар үчүн бир аят (белги); Биз аны тирилттик, андан уруктарды чыгардык, ошентип андан жеп жатышат. Биз ал жерде курмалардан жана жүзүмдөрдөн бакчалар өстүрдүк жана ичтеринде булактар чыгардык. Анын түшүмдөрүнөн жана өз колдору менен жасагандарынан жеши үчүн. Дагы эле шүгүр кылышпайбы? (Йасин Сүрөсү, 33-35)

Башка бир аятта болсо мындай деп айтылат:

Жана асмандан куттуу (береке жана мээримге толо) суу түшүрдүк; ошентип аны менен бакчалар жана жыйнап алына турган дандарды өстүрдүк. Жана бир-бири үстүнө тизилген бүчүрлөргө толо бийик курма дарактарды дагы. Кулдарга ырыскы болушу үчүн. Жана аны менен (ал суу менен) өлүү бир шаарды тирилттик. (Өлүмдөн кийин) тирилүү да мына ушундай болот. (Каф Сүрөсү, 9-11)

Белгилүү болгондой, атеисттер табияттагы бүт жандыктарды эволюция теориясы менен түшүндүрүүгө аракет кылышат. Бир эволюционисттен дарактар кантип мындай акыл менен жөндөмгө жетишишкен, эмне үчүн адамдарга азык өндүрүшөт деп сурасаңыз, сизге «кокустан ушундай болуп калган» деген жоопту гана беришет. Бирок кокустук деш бир тантыктык гана. Эч кандай кокустук адамдын даам түшүнүгүн биле албайт, эч бир кокустук адамга жаккан жыттарды жасай албайт. Эч бир кокустук адам денесине мезгилдерге жараша витамин берүүнү жөнгө сала албайт.
Кокустуктар дайыма ката жана башаламандык пайда кылат. Буга бир мисал келтирели. Кокустан жакшы бир жыт алуу үчүн бир эксперимент жасап жатасыз дейли. Чоң бир идиштин ичин топуракка толтуралы. Ал топуракка табияттагы ар кандай «материалдардан» кошолу; жаныбар калдыктары, өсүмдүк бөлүктөрү сыяктуу. Анын үстүнө ар кандай химиялык кошулмаларды куялы. Идишти жаап күтөлү. Бир канча күндөн соң идишти ачканыңызда сөзсүз өмүрүңүздөгү эң жаман жыттардын бирине туш болосуз. Бул эксперименттин канча түрдүү версиясын кылып көрбөңүз, баары бир бир-биринен жаман жыттарды аласыз.
Сулуулук, кооздук жана тазалык өзүнөн-өзү пайда болбойт. Бир акыл аркылуу гана пайда болот, атайын жасалышы керек.
Мунун бул тарабын да ойлоп көрөлү; эгер бүт азыктар дал биз каалагандай болуп, бирок тамак сиңирүү системабыз «кокустан» келип чыккан болгондо, анда да өтө кыйналып жашамакпыз. «Кокустан» пайда болгон бир тилдин даам сезүү өзгөчөлүгү болмок эмес жана биз эң даамдуу тамакты жеген менен жыгач кемирүүнүн арасында эч кандай айырма сезмек эмеспиз.
Жегендерибиздин баары жана алардын даамын сездирген денебиз Аллах тарабынан атайын максаттуу жаратылган. Аллахтын ысымдарынын бири – «Раззак», б.а. ырыскы берүүчү, жана баары кемчиликсиз жаратылган бүт ырыскыларды бизге Ал берет. Бул үчүн адамдын эмне кылышы керек экени Куранда мындай деп белгиленет:

... Раббиңердин ырыскысынан жегиле жана Ага шүгүр кылгыла... (Саба Сүрөсү, 15)

Лотос гүлдөрү

Топурактын бетиндеги кичинекей гүлдөр укмуш сонун болгону менен, адамдар көбүнчө кадыресе нерседей көрүшөт. Адамдардын ал гүлдөрдөгү жаратуу кереметтерин түшүнүшүнө болсо аларды күн сайын, бүт тарапта көрүүдөн келип чыккан бир көнүмүштүк гана тоскоол болот. Ошондуктан такыр башка бир жерде, такыр башка шарттарда өскөн жана такыр башка көлөмдөгү гүлдөр «көнүмүштүк көз айнегисиз» кабыл алынгандыктан, Аллахтын бар экенин түшүнүүгө жакшыраак көмөкчү болот.
Амазонка дарыясынын түбүн каптаган балчыкта өскөн амазонка лотостору адамдардагы «көнүмүштүк көз айнегин» алып сала турган өзгөчөлүктө. Себеби адамдар көнгөн, күн сайын күбө болгон абалда эмес, такыр башка жашоо күрөшү менен өмүрүн улантышат.
Бул гүлдөр Амазонка дарыясынын түбүндөгү саздактын ичинде чоңоюп башташат жана кийинчерээк дарыянын бетин көздөй узарышат. Максаты – жашаш үчүн керектүү жарыкка жетүү. Суунун бетине чыкканда болсо чоңоюуну токтотуп, ал жерде үстү тикендүү тоголок бүчүрлөрдү пайда кылышат. Бүчүрлөр бир канча саатка созулган кыска убакыт ичинде бойу дээрлик эки метрге жеткен чоң жалбырактарга айланышат. Канчалык көп жалбырак менен дарыянын үстүн каптаса, ошончолук көп күн нурунан пайдалана алаарын «билген» лотостор натыйжада күн нурунан болушунча пайдаланып, фотосинтез жасоо мүмкүнчүлүгүнө жетишишет. Антпесе, дарыянын түбүндөгү күн нуру жетишсиздиги себебинен өмүрлөрүн уланта албашын «билишет». Бир өсүмдүктүн ушунчалык «акылдуу» тактика колдонушу, албетте, ойлондурарлык.


Бирок күн нуру эле болсо амазонка лотостору үчүн баары түгөл болуп калбайт. Алар кычкылтекке да муктаж; тамырлары жайгашкан ылай жерде болсо аларга керектүү кычкылтектин жок экени анык. Мына ушул себептен лотостор тамырларынан чыккан саптарды жогору, жалбырактары турган суу бетин көздөй созушат. Кээде бойу 11 метрге чейин жеткен ал саптар жалбырактарга уланышып, жалбырак менен тамырдын арасында кычкылтек ташуучу бир канал кызматын аткарышат.25
Бир дарыянын тереңинде жаңы жашап баштаган бүчүр күн нуруна жана кычкылтекке муктаж экенин, аларсыз жашай албашын, ага керектүү нерселердин суунун бетинде бар экенин кайдан билет? Жаңы жашап баштаган бир жандык суунун бүткөн жерин да, күндүн бар экенин да, кычкылтектин бар экенин да билбейт.
Ошондуктан эволюционисттердин логикасы менен карасак, бул өсүмдүктөр качан эле айланасындагы шарттардан жеңилип, тукум курут болушу керек эле. Бирок лотостор укмуш өзгөчөлүктөрү менен бүгүн алдыбызда турат.
Амазонка лотосторунун кереметтүү жашоо күрөшү суунун бетиндеги күн нуруна жана кычкылтекке жеткен соң да уланат. Чоң жалбырактары сууга толуп чөкпөшү үчүн четтерин жогору көздөй ийишет.

Бул чаралары аркылуу өмүрлөрүн уланта алышат, бирок урпагы уланышы үчүн көбүрөөк нерсе талап кылынаарын билишет. Чаңчаларын башка бир лотоско жеткире турган бир жандыкка муктаж болушат; алар болсо – кынканаттуу коңуздар. Себеби кынканаттуулар ак түстү өтө жактыра турган кылып жаратылышкан. Ошондуктан конуу үчүн амазонка дарыясынын ошончо жагымдуу гүлүнүн арасынан аппак лотосторду тандашат. Амазонка лотостору урпагын уланта турган бул коноктору келгенде, бүт жалбырактарын жаап, качпашы үчүн аларды камашат жана аларга чаңчасынын болушунча беришет. Аларды кийинки түнгө чейин камаган соң эркин койо беришет жана ал чаңчаларды кайра өздөрүнө алып келбеши үчүн түстөрүн өзгөртүшөт. Аппак кооз лотостор эми кызгылт түскө айланып амазонка дарыясын кооздоп башташат.
Эч күмөнсүз, бүт бул кемчиликсиз жана кылдат эсептелген пландар эч нерседен кабарсыз бир бүчүрдүн чыгармасы эмес, аны жараткан Аллахтын акылынын чыгармасы. Бул жерде кыскача айтып берүүгө аракет кылынган бүт бул майда-бараттар ааламдагы бүт нерселер сыяктуу, өсүмдүктөрдүн да улуу акылдуу жана кудуреттүү Аллах тарабынан жаратылганын көрсөтүүдө.

Шамал кокустан бир учак жасай алабы?

Белгилүү физик Сэр Фред Хойлдун жашоонун башталышы жөнүндө өтө терең маанилүү бир салыштыруусу бар. Хойл «Акылдуу аалам» (The Intelligent Universe) аттуу китебинде жашоону кокустуктар натыйжасында келип чыккан деген эволюция теориясы жөнүндө мындай дейт:
Жашоонун башталышы жөнүндөгү сценарийди мындайча элестетүүгө болот: бир бороондун Боинг учак заводунун жанында жайгашкан запас тетиктер кампасындагы материалдарды асманга сапырып, кокустан бир Боинг-747 учагын пайда кылышына окшошот.26
Фред Хойлдун бул салыштыруусунун, албетте, мааниси терең. Бул жерге чейин каралган бүт мисалдардан да түшүнүктүү болгондой, жашоонун пайда болушу да, азыркы ичиндеги системалардын кемчиликсиздиги да булардын баарын жараткан улуу бир кудуретти издешибизге себеп болот. Себеби бир бороон кокустуктар натыйжасында бир учакты пайда кыла албаган сыяктуу эле, ааламдын –башкача ысымдар тагылса да- плансыз кубулуштар аркылуу пайда болушу жана болгондо да, анын ичинде өтө комплекстүү түзүлүштөрдүн пайда болуп калышы мүмкүн эмес. Мындан да маанилүүсү, аалам бир учакка эч салыштыргыс, сансыз детальдарга толо.
Бул бөлүмдө айтылган бүт маалыматтар бизге жакын чөйрөбүздөгү жана алыс космостогу кемчиликсиз пландын далилдерин көрсөттү. Мындай эч четке кагылгыс, апачык далилдерди акылы жана абийири менен анализ кылган бир адам бир гана жыйынтыкка барат:
Ааламда кокустукка орун жок, бүт аалам ичиндеги майда-бараттары менен бирге ЖАРАТЫЛГАН.

Жана бул кемчиликсиз тартипти жараткан АЛЛАХ чексиз кудуреттүү жана чексиз илимдүү.

Булактар:

13. Bilim ve Teknik Dergisi, sayı.203, s. 25.
14. Color Atlas of Human Anatomy, Harmony Books, New York, 1994, s. 70
15. Color Atlas of Human Anatomy, Harmony Books, New York, 1994, s. 71
16. Color Atlas of Human Anatomy, Harmony Books, New York, 1994, s. 71
17. Büyük Larousse Sözlük ve Ansiklopedisi, II. Cilt, s. 5734.
18. Maurice Burton, C.B.P.C.Publishing Limited/Phoebus Publishing Company 1969/77 Phoebus, s. 120.
19. Maurice Burton, C.B.P.C.Publishing Limited/Phoebus Publishing Company 1969/77 Phoebus, s. 120.
20. Micheal J.Behe, Darwin's Black Box, New York: Free Press, 1996, s. 32.
21. Bilim ve Teknik Dergisi , Temmuz 1989, Cilt 22, sayı.260, s.59 
22. Grzimeks Tierleben Vögel 3, Deutscher Taschen Buch Verlag, Oktober 1993, s. 92.
23. Grzimeks Tierleben Vögel 3, Deutscher Taschen Buch Verlag, Oktober 1993, s. 89.
24. Grzimeks Tierleben Vögel 3, Deutscher Taschen Buch Verlag, Oktober 1993, s. 87-88.
25. David Attenborough, The Private Life Of Plants, Princeton University Press, Princeton-New Jersey, 1995, s. 291.
26. Nature Dergisi, 12 Kasım 1981.